Менин өзгөчө кутучам

Сизге керектүү материалдар: Башка нерселерге кереги тийбеген кутуча. Эгер балаңыз ача ала турган турган жагы болсо, анда сонун болот; кутуга салына турган ар кандай майда буюмдар. Булар бала үчүн коопсуз экенине ынаныңыз.  Алар балаңыздын оюнчуктары же үйдөгү буюмдар болушу мүмкүн.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңызга кутучаны көрсөтүп, бир жагын ачып, таң калыңыз. «Ой, бул жерде эмне бар!  Бул сенин өзгөчө кутучаң, ичинде өзгөчө нерселер бар. Кел, алар менен ойнойлу!” , деп айтыңыз. Андан кийин буюмдарды кантип кутудан алып чыгып, кайра салып коюуну көрсөтсөңүз болот (эгер керек болсо). Эгерде алардын айрымдары, мисалы кашык сыяктуулар, үн чыгарышса, анда көңүлдүү болот. Ымыркай сизге жакын жерде отуруп, өзүнө жаккан жол менен ойносун. 

Балаңыз кутучаны таап, кээде өз алдынча ойной тургандай кылып, буюмдар салынган кутучаны дайыма бир жерге коюңуз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Мындай иш-чаралар балаңыздын манжаларынын жана колдорунун булчуңдарын колдонуу чеберчилигине ээ болууга жардам берет.  Когнитивдик өнүгүү дагы жакшырат, анткени ал эмнени алып чыгып, эмнени коюуну жана нерселер кандайча шайкеш келээрин пландаштырат.