Менин үй-бүлөм

Сизге: үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрү; маркер же калемсап керек.

Оюндун маңызы эмнеде: биринчи кезекте жууркан же килем салып жерди даярдаңыз. Керектүү нерселердин бардыгын керебетте уюштурса болот. Сизге ыңгайлуу болуш үчүн ар бир сүрөттүн артына үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн атын жазыңыз.

Эми балаңызды даярдалган жерге отургузуңуз. Эгер балаңыз азырынча жакшы отура элек болсо, белин колдоо үчүн жаздыктарды колдонуңуз. Баланын маңдайына отуруп, ага сүрөттөрдөгү адамдардын атын атап, көрсөтүңүз. Бул адам жөнүндө айтып жаткан учурда кичинекей балага сүрөттү кароого кеминде 30 секунда бериңиз. 30 секунддан кийин башка сүрөттү көрсөтүп, ошол эле нерсени кайталаңыз.

Ымыркай тажаганга чейин ар кандай сүрөттөр менен улантыңыз. Бул көнүгүүнү жумасына 2 же 3 жолу кайталасаңыз болот.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул жөнөкөй көнүгүүнүн жардамы менен кичинекей балаңыз үй-бүлөңүздүн ар кандай мүчөлөрүнүн жүздөрүн таанып, алардын ар бирине болгон ынактыгы арта баштайт.