Менин үй-бүлөмө жардам берүүчү жумуштар

Сизге керектүү материалдар: Кагаз жана карандаш, тилкелерге кесилген кагаз; ар бир кагаз тилкесине бирден жазылып, балаңыз жасай алган жөнөкөй күнүмдүк тапшырмалардын же жумуштардын тизмеси. Мисалы: кир кийимдерди жуула турган кийимдер үчүн себетке салуу, почтаны алып, столго коюу, эртең мененки тамак үчүн вилка менен кашыктарды столго даярдоо, тепкичтерди шыпыруу. (Булар үй-бүлөлүк жашоого жана балаңыздын жөндөмүнө жараша болот).

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңыз менен ал чоңойуп жаткандыгы жөнүндө сүйлөшүңүз. Балаңызга өзүңүзгө жана үй-бүлөңүздөгү башкаларга жардам берүү үчүн күн сайын жасай ала турган жумушту тандап алууга чакырыңыз.  Кагазда жазылган айрым жумуштарды үн чыгарып окуп чыгыңыз (же балаңыздан көзүн жумуп, баш кийимге салынган тапшырма жазылган кагаздан бирөөнү тандап алышын сураныңыз). Бул балаңыздын бир жума ичинде (же  каалаган мезгил аралыгын аныктасаңыз болот) жасай турган жумушу болот деп макулдашыңыз. Жума сайын алмаштырсаңыз болот (Көпчүлүк мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде класстык жумуш бар)

Керек болсо, жумушту кантип жасоону көрсөтүңүз жана алгач балаңызга дем-күч берип, эскертүүлөрдү бериңиз. Кандай гана болбосун, балаңыздын аракетин мактаңыз. "Жакшы иш жасадың!" бирок “Сенин стооду өтө кылдаттык менен сүрткөнүңдү көрүп турам. Эми чындыгында таза болду! ”   Тапшырмаларды аткарууда балаңыздын өз алдынчалыгын мактаңыз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Сиздин балаңыз анын жаңы көндүмдөрүнүн өзү же анын үй-бүлөсү үчүн (жана кийинчерээк, балаңыздын классы жана жамааты үчүн) маанилүү экендигин билип жатат.  Балаңыз өзүнө жардам берүүгө (мисалы, өз алдынча кийинүүгө) жана үй турмушуна катышууга мүмкүнчүлүк берген көптөгөн көндүмдөргө машыгат. Акырындык менен өсүп келе жаткан бул өз алдынчалык оң өнүгүүнүн белгиси.