Менин жарык күзгүм

Сизге төмөнкүлөр керек:

  • Күзгү
  • Аксессуарлар: баш кийим, кездемелер, банттар, куурчактар ж.б.

Оюндун маңызы эмнеде: күзгүнү дубалга коюп, анын туруктуу экендигине ынаныңыз. Балаңызды күзгүнүн алдына жумшак жуурканга коюп же күзгүнүн маңдайына тизеңизге отургузсаңыз болот.

Сиздин балаңызга күзгүдөн өзүн көрүү абдан кызыктуу болот. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал өзүн күзгүдөн таанууга үйрөнөт — бул анын көңүлүн өзгөчө көтөрөт.

Балага ар кандай жаңсоолорду жасоо менен колун кыймылдатууга же күзгүнүн алдында башын ар тарапка бурууга жардам бериңиз. Күзгүдөн өзүңүздү да көрсөтүңүз, ошондо ал сизди да көрө алат.

Убакыттын өтүшү менен кичинекей баланын башына ар кандай баш кийимдерди кийгизип, шарфтарды жана жоолуктарды байлап же күзгүнүн алдында аны менен ойной турган оюнчук берип, оюнга аксессуарларды кошсоңуз болот.

Оюндун аягында дененин бардык бөлүктөрүнүн аталышын айтуу менен күзгүдөн көрсөтүүгө болот.

Балаңыз менен күзгүнүн жанында жумасына бир нече жолу ойноңуз, ошондо ал өзүн жакшы тааныйт.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул оюн балаңызга өзүн-өзү сыйлоо сезимин жана өзүн таанып-билүүсүн өрчүтүүгө жана дене мүчөлөрүнүн аталышын эстеп калууга жардам берет. Ошондой эле, өзүн таанып-билүүгө үйрөтөт, аны курчап турган нерселер жөнүндө көбүрөөк түшүнүк берет.