Мэримдүүлүк менен “Жок” деп айтыңыз

Бул оюн материалдарды талап кылбайт.

Оюндун маңызы эмнеде: бул куракта балаңыз жөрмөлөп башташы мүмкүн. Демек, ал айлана-чөйрөдөгү бардык нерселерди, анын ичинде кооптуу нерселерди изилдей баштаганын билдирет. Кайсы бир учурда балага “жок” же “болбойт” деп айтуу керек болот. Муну кантип натыйжалуу жана мээримдүүлүк менен жасоого болот? Төмөндө бир нече кеңеш:

  • Кичинекей балаңыз эми баарына жетүүгө, баарын ачууга же алууга аракет кыларына даяр болуңуз, кооптуу нерселерди алып салыңыз.
  • “Жок” же “болбойт” деген сөздөрдү мүмкүн болушунча аз колдонуңуз. Эгерде балаңыздын кооптуу нерсеге же жерге жакындап келе жатканын көрсөңүз, аны алаксытыңыз же башка кызыктуу буюмга акырын багыттаңыз. Сиз: “Кел, ойной турган коопсуз нерсени табабыз” деп айта аласыз.
  • Башка сөздөрдү колдонуңуз, жөн гана “жок” жана “болбойт” деп айтпаңыз. “Токто” же “Бул кир! Ичиң ооруйт!” деген сыяктуу фразаларды кичинекей бала жакшы кабыл алат.
  • Балаңыз “жок” деген сөз эмнени билдирерин биринчи жолу түшүнбөйт, андыктан керектүү учурда балага келип, кыскача түшүндүрүңүз (“Ой! Ооруйт!”). Кичинекей бала интонациянын айырмасын сезиш үчүн олуттуу тон менен сүйлөңүз. 
  • Баланын “жок” дегенге караганда “ооба” деген сөздү көбүрөөк угуусуна аракет кылыңыз!

Мында бала эмнеге үйрөнөт: балаңыз айланадагы бардык нерсени изилдеп, мүмкүн болушунча көбүрөөк кыймылдашы керек, бирок бул коопсуз болушу керек. Сиз балаңыздын коопсуздугун сактоого жардам берип, акырындык менен кооптуу нерселерден алыс болууга үйрөтөсүз. Балаңыз сөздү (“жок”, “токто” же “тийбе”) буюмдар же кырдаал менен байланыштырууга үйрөнөт. Бул ой жүгүртүүнү жана сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү үчүн маанилүү. Ошол эле учурда, ал сиз анын коопсуздугун камсыздай турганыңызга жана дайыма ага ылайыктуу иш табууга жардам берериңизге ишенүүгө үйрөнөт.