Молочница (кандидоз)
Молочница Candida albicans грибогу тарабынан пайда болот. Грибок нормада болгондо ар бир адамдын организминде аз өлчөмдө болот, бирок балдарда көп кездешет, анткени бөбөктүн иммундук системасы али калыптанган эмес жана инфекциялар менен күрөшүүгө жөндөмдүү эмес.
Молочница бала оозуна салган тазаланбаган упчу, оюнчуктар аркылуу өөрчүшү мүмкүн. Эгерде энесинде вагиналдык кандидоз бар болсо кээ бир ымыркайларга оору төрөт учурунда энеден жугушу мүмкүн.
Кээде баланы антибиотик менен дарылоо молочницанын пайда болушуна алып келет.
Жуктуруп алуунун белгилери
- Ымыркайдын ооз көңдөйүнүн былжыр челинде – тилинде, жаактарында, эриндеринде ак өңөр пайда болот (буудай акшагын сээп койгондой).
- Бала чыргоолонот, эмчек эмүүдөн же тамактан баш тартат, шилекейдин бөлүнүп чыгышы көбөйөт.
- Эгерде сизде инфекция болсо – оорутуу, кычышуу жана ачышуу пайда болот. Үрптөр сезимтал болуп, кармаса ооруйт.
- Үрптөрдүн инфекциясы терең сайгылашкан оору менен коштолот, ошондой эле сиз эмизгенден кийин үрптөрүңүз "күйүп" же "сайгылашып" жатканын байкайсыз.
Энени дарылоо
- Дарыгердин сунушу боюнча грибокко каршы дарыларды колдонуңуз
- Эмизген сайын үрптөрдү жылуу суу менен жууп, кургатып жана жакшылап кургатыңыз
- Ар бир эмчек эмизүүдөн мурун, тамак-аш содасынын эритмеси менен үрптөрдү сүртүңүз
- Эмчек эмизүүдөн жана баланы алмаштыруудан мурун жана андан кийин колду жууңуз
- Пахта кездемесинен тигилген бюстгалтер кийиңиз, аны машинада 95°Cда жууй аласыз
- Эмизүү үчүн төшөлүүчү дисктерди колдонбоңуз, анткени грибоктор нымдуу чөйрөнү "жакшы көрүшөт".
Баланы дарылоо
- Үй-бүлөлүк дарыгердин сунушу боюнча грибокко каршы дарыларды колдонуңуз (тамчылар же ооз аркылуу колдонуу үчүн гель).
- Баланын ооз көңдөйүн сода эритмеси менен (100 мл кайнатылган жана муздатылган сууга 1 чай кашык) кебез тампонунун жардамы менен кылдат тазалаңыз.
Бала эмип жатканда, инфекция анын оозунан эмчекке өтөт (жана тескерисинче), андыктан баланы да, энени да дарылоо маанилүү.
Молочницаны кантип алдын алуу керек
- Упчуларды, бөтөлкөлөрдү, калканчы бар упчуларды, «тиштегичтерди», упчу таккычтарды кайнатуу.
- Бала оозуна сала турган оюнчуктарды жууңуз.
- Эмчек эмизүүдөн жана такма жалаяктарды алмаштыруудан мурун жана андан кийин колду жууңуз.
- Жеке сүлгү жана жеке гигиена буюмдарын колдонуңуз.
- Болочок эне кош бойлуу мезгилде дарыгердин текшерүүсүнөн өтүшү жана молочница бар болсо грибокко каршы дары каражаттарын ичүүсү керек.
Эгерде баладан молочницаны байкасаңыз, бала эмчек эмүүдөн же башка тамактардан баш тартса, дене табы жогоруласа же молочница дайыма кайталана берсе дарыгерге кайрылыңыз. Үрптөрдө ысып-күйүү же сайгылашып оорутуу түрүндөгү туруктуу ооруну же көкүрөктөгү катуу сайгылашкан ооруну сезсеңиз медициналык жардамга кайрылыңыз.