Музыка жана оюн: музыкалык Бебби-микс

Сизге: жеңил музыка, ар кандай үндөрдү чыгаруучу буюмдар, шылдырактар керек.

Оюндун маңызы эмнеде: балаңызды колуңузга алып, музыкага ылайык акырын кыймылдатыңыз (өзүңүз ырдаңыз же TVда/радиодо же телефондо музыка коюңуз). Балаңыз менен бөлмөдө акырын жылсаңыз болот. Кичинекей бала чоңойгон сайын ар кандай үндөрдү жана музыканы айырмалай баштайт (сизге жана үй-бүлөңүзгө жакканын, анын ичинде салттуу классикалык жана элдик музыканы жана ырларды тандаңыз).

Уктаар алдында балаңызды колуңузга алып, бешик ырын ырдап жатканда акырын кыймылдатыңыз. Балага ырдап бериңиз (сиз жакшы ырдабасаңыз да, ал муну билбейт жана сиздин үнүңүздү уккан жагат!). Балаңызды тынчтандыруу үчүн ырларды жана бешик ырларын кайталаңыз. Салттуу бешик ырлары анын сиздин маданиятыңызга жана коомуңузга таандык болуу сезимин пайда кылат.

Балаңызды үндөр менен тааныштыруунун дагы бир ыкмасы — ызы-чуу чыгарган күнүмдүк буюмдарды колдонуу. Мисалы, кашыктар жана өлчөөчү чөйчөктөр кызыктуу формага ээ жана алар столго тийгенде кызыктуу үндөрдү чыгарат. Бала колу (же буту) менен жете алган аралыкта өлчөөчү кашыктарды же чөйчөктөрдү алыстан кыймылдатыңыз жана калдыратыңыз. Андан кийин аларды балага бериңиз, изилдеп, калдыратып көрсүн. Жөнөкөй ритмди же обонду чыгарып көрүүгө болот — балаңыздын буга кандай реакция кыларын көрүңүз.

Коңгуроолордон, жетондордон, даны менен кичинекей бөтөлкөлөрдөн же бөтөлкөнүн капкактарынан шылдырак жасаңыз. Кичинекей балага ар бир колунда бирден шылдырак кармаш үчүн эки шылдырак сунуштаңыз. Ага үндөрдүн бири башкаларга караганда көбүрөөк жакканын түшүнүүгө аракет кылыңыз.

Эгер балаңыз өзү отуруп калса, аны өзүңүзгө каратып тизеңизге отургузуңуз. Балдар үчүн ырдын же башка музыканын ритминде тизеңизди өйдө-ылдый кыймылдатыңыз. Ырдап, ырдын ритминде кыймылдаңыз. Балаңызга алакандарды бириктирип, ырдын ритми менен чапканга жардам бериңиз.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул бардык учурлар үчүн көнүгүү, өзгөчө музыка балаңыздын жана сиздин көңүлүңүздү көтөргөндө же тынчтандырганда! Ымыркай тааныш үн менен ырды укканда бул анын өнүгүшүнө жана угууга үйрөнүүсүнө жардам берет.