Музыкалык кыймылдар
Сизге керектүү материалдар: Ар кандай ыргактагы музыка; жыгач мала / шпатель / кашык же таякча.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Бул керемет ишти баштоо үчүн, балаңыз менен колдоно турган музыканы даярдаңыз; ар кандай ыргактагы музыканы колдонсоңуз ыңгайлуу жана аларды кайталоо оңой болот.
Кичинекейиңизди көтөрүп алып, музыканын ыргагы менен бийлеңиз. Ал кыймыл менен таанышышы үчүн, үйдүн ичинде кыймылдасаңыз болот. Андан кийин кичинекей балаңыз менен полдо, же башка ыңгайлуу жерде отуруп, ыргак менен аткарсаңыз болот, бул жолу жыгач калак / шпатель менен же колуңуз менен жерди чапкылаңыз. Аны өзүңүз жасаган кыймыл-аракеттерди тууратканга аракеттениңиз.
Бул көнүгүүдө азырынча балаңыз ыргакты кайталабайт, бирок бул кийинчерээк ага жетиши үчүн алгачкы тажрыйбалардан болот.
Музыка коё албасаңыз, анда ырдап, бийлеп, полду ыргак менен чапкылап кыймылдарды жасасаңыз болот.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул көнүгүү менен сиз наристеңизге ыргак сезимин өнүктүрүүгө жана кыймыл аракет менен байланыш түзүүгө жана кандайдыр бир колдоо менен отурууга жардам бересиз.