Музыкалык ооз

Сизге керектүү материалдар: Жумшак жууркан жана ооз гармошка же мүйүз (ооз менен үйлөөчү музыкалык инструмент) же даарат кагаздын түрмөгүнөн (булардын баары милдеттүү түрдө эмес).

Бирге эмне кылсаңыз болот: Үйүңүздөгү мыкты музыкалык аспаптын кайсынысы артыкчылыкка ээ болсо, ошону пайдаланыңыз: Ымыркайлар сиздин оозуңуздан чыккан ар кандай үндөрдү угууну жана апасы, атасы менен убакыт өткөрүүнү жакшы көрөт; бул эки нерсени бириктирүү үчүн кандай иш-аракет жакшы болот:

Баштоо үчүн, ымыркайыңызды жумшак жуурканга жаткырсаңыз болот, же ал сиздин бетиңизди жакшы көрүшү үчүн тизеңизге жаткырсаңыз да болот.

Оюнду баштоого убакыт келгенде, оозуңуз менен үндөрдү чыгара баштаңыз: катуу үн чыгарып өбүп, тил менен чыкылдатып, мотордун үнүн туурап эриндериңизди дирилдетип, күркүрөп, чыйылдап, ышкырып, ырдап же кобурап.

Ошондой эле, сиз жаныбарлардын үндөрүн туурай аласыз; өрдөк, ит, мышык, жылкы, уй, торопой, тоок, короз, маймыл, жылан, куш, эшек, карышкыр жана башкалардын.

Сиз балаңыздын үндөрдү аябай жактырып жатат деп ойлойсуз дейли. Мындай учурда, сиз үндөрдү өзгөртүү үчүн аспапты же шайманды, мисалы, ооз гармошка, мүйүз, колго жасалган мегафон (даарат кагазынын оромун колдонуу менен) жана башкаларды кошо аласыз.

Сиз колдонгон шаймандардын же аспаптардын ымыркайыңыз үчүн кооптуу эместигине ар дайым көз салыңыз. Өтө катуу үндөрдү чыгаруудан алыс болуңуз, анткени ымыркайыңызды  чочутуп, өзүн ыңгайсыз сездиресиз. Эгер кандайдыр бир үндүн жагымсыз экендигин сезсеңиз, анда аны кайталабаңыз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул иш-аракет менен сиз ымыркайга сырттан келип чыккан тыбыштарды айырмалоого жана табууга жардам бересиз, ошондой эле үн чыгарганды жана тилдин өнүгүшүнө шарт түзөсүз.