Мына мен!

Сизге: бет аарчы, кичинекей сүлгү же кездеме, ыңгайлуу отургуч керек. 

Оюндун маңызы эмнеде: Бул оюн балаңыздын социалдык өз ара аракеттенүүсү боюнча эң маанилүү көндүмдөрүнүн жана концепцияларынын өнүгүүсүнө жардам берүүнүн жөнөкөй, бирок эң сонун жолу. 

Адегенде отургучка отуруп, баланы тизеңизге отургузуңуз. Көңүлүн буруу үчүн бала менен сүйлөшүп, жумшак жана жылуу сөздөрдү айтып, жылмайыӊыз жана жагымдуу жаңсоолорду жасаӊыз. 

Анын көңүлү сизге бурулганда сизди көрбөш үчүн бетиңизди жоолук же чүпүрөк менен жаап алыӊыз. Бир нече секунддан кийин жоолукту алып, көңүлдүү түрдө: “Мына мен!” деп жылмайыңыз. Баланын кызыгуусу жоголгонго чейин бул аракетти бир нече жолу кайталаңыз.

Оюнду бир аз өзгөртүү үчүн баланын жүзүн жапсаӊыз да болот. Бир-эки секунддан кийин жоолукту алып: “Мына сен!” деп айтыңыз. Же бала жоолукту өзү алганга аракет кылсын. 

Эсиңизде болсун, балаңыздын териси өтө назик болгондуктан, жука жана жумшак кездемени гана колдонуңуз. Баланын бетин көпкө жаппаңыз, башын оробоңуз. 

Мында бала эмнеге үйрөнөт: Бул кызыктуу оюндан балаңыз жагдайларды алдын ала билүүнү жана эмоциялар аркылуу себеп-натыйжа катышын түзүүнү үйрөнөт. Бул ошондой эле таанып-билүү жөндөмүн өнүктүрүүгө жана ар кандай объектилердин табиятын түшүнүүгө түрткү берет.