Жөтөл
Жөтөлдүн себептери
Балдарда жөтөлдүн себептери көп, анын ичинде:
- суук тийүү жана грипп сыяктуу вирустук инфекциялар
- дем алуу жолдорунун бактериялык инфекциялары, бирок алар сейрек кездешет
- муздак же булганыч аба, түтүн менен дем алуу же бөтөн нерсе жутуп алгандагы дүүлүгүү
- аллергия жана бронхиалдык астма
- психологиялык себептер.
Жөтөлдүн көп кездешүүчү себеби вирустук инфекция болуп саналат, бул адатта суук тийгенде пайда болот.
Жөтөлдүн кийинки көп жайылган себеби – бронхиалдык астма.
Жөтөлдүн себеби дем алуу жолдоруна бөтөн нерсенин кирип кетиши болушу мүмкүн.
Жөтөлдүн башка себептери салыштырмалуу сейрек кездешет.
Жөтөл себеп эмес, ал оорунун симптому
Жөтөл дем алуу жолдорунун былжырлуу чел кабыгынын дүүлүгүүсүнө болгон коргоочу реакциясы болуп саналат. Жөтөл учурунда дем алуу жолдору бронхтор сезгенгенде пайда болуучу былжырлуу суюктуктан, ошондой эле кайсы гана болбосун дүүлүктүргүчтөр: аллергендер, вирустар, бактериялардан тазаланат.
Суук тийгенде пайда болуучу жөтөл адатта анча катуу эмес жана кээде былжырлуу суюктук бөлүп чыгаруу менен коштолот. Мурундан жана мурундун айланасындагы көңдөйчөлөрдөн чыккан суюктуктар кекиртектин арткы капталы менен агып келип жөтөлдүн пайда болушун шарттайт, ал түнкүсүн жана эртең менен күчөйт.
Астма оорусундагы жөтөл көбүнчө түнкүсүн жана физикалык көнүгүүлөрдөн кийин күчөйт. Балаңыз кыйналып, кысылып дем алышы, мезгил-мезгили менен энтигиши мүмкүн.
Түн ортосунда пайда болгон үргөн, кырылдаган жөтөл балаңызда круп синдрому (тамактын шишип кетиши) өнүгүп жаткандыгынан кабар бериши мүмкүн.
Капыстан пайда болгон катуу жана муунткан жөтөл дем алуу жолдоруна бөтөн нерсенин кирип кетишинин кесепети болушу мүмкүн, бул шашылыш түрдө дарыгердин кийлигишүүсүн талап кылат, анткени ал баланын өмүрү үчүн чындап коркунуч туудурат.
Эгерде балаңызда дем чыгарганда энтигүү менен приступ сыяктуу жөтөл бар болсо, бул көк жөтөл болушу мүмкүн. Жөтөл пристубу беттин кызарышы жана көгөрүшү менен коштолот, көп учурда коюу какырыкты көп өлчөмдө бөлүп чыгаруу, кусуу менен аяктайт.
Чоңураак балада же өспүрүм курактагы балада жөтөл пристубу психоэмоционалдык чыңалуу мезгилдеринде пайда болушу мүмкүн. Ал туруктуу, өжөр, башка симптомдор менен коштолбойт, түнкүсүн, тамактануу же сүйлөшүү учурунда жоголуп кетет. Себептерин жойгон учурда – оорунун симптомдору жок болот.
Дарыгерге качан кайрылуу керек
Эгер балаңызда төмөндөгүдөй белгилердин бир же бир нечеси бар болсо, анда дарыгерге көрүнүшүңөр керек:
- Жөтөл суук тийгенде же ансыз эле эки жумадан ашык уланып жатат.
- Жөтөл капыстан башталат.
- Жөтөл балаңыздын уйкусуна же күнүмдүк жашоосуна өтө тоскоолдук кылат.
- Балаңыздын дем алуусунда көйгөйлөр бар.
- Балаңыздын температурасы жогору.
- Балаңыздын терисинин түсү өзгөрөт, көгүш тартат же өтө кубарып калат.
Көпчүлүк учурларда балаңыздын жөтөлүнөн башка саламаттыгы жакшы болсо дарыгерге кайрылуунун кереги жок.
Жөтөлгөн учурда дартты аныктоо жана текшерүү
Жөтөлгөн балдардын көпчүлүгүнө эч кандай анализдердин кереги жок.
Адатта дарыгер анамнезди кылдат изилдеп, ошондой эле балаңызды текшерүү менен жөтөлдүн себебин аныктай алат.
Айрым учурда дарыгер көкүрөк клеткасына рентген же канга анализ дайындашы мүмкүн.
Жөтөлдү дарылоо
Көпчүлүк учурларда жөтөл атайын дарылоону талап кылбайт.
Көпчүлүк балдарга жөтөлгөндө антибиотиктер керек эмес.
Эгерде балаңыздын жөтөлү бронхиалдык астмадан улам келип чыкса, анда аны небулайзер же ингалятордун жардамы куюла турган астмага каршы дары каражаттары менен дарылоого болот.
Тамекинин түтүнү балаңыздын жөтөлүн күчөтүп жибериши мүмкүн, андыктан үйдүн ичинде чылым чекпеңиздер.
Жөтөлгө каршы, какырык чыгаруучу, муколитиктер, анын ичинде ар кандай өсүмдүк каражаттары менен дары-дармектер жөтөлдө эффективдүү эмес.
Бал жөтөлдүн узактыгын азайтышы мүмкүн, бирок инфантилдик ботулизм тобокелчилигинен улам 12 айга толо элек балдарга берүүгө болбойт.
Адатта суук тийгенден кийин башталган жөтөл сиз аны кандай дарылаганыңызга карабастан убакыттын өтүшү менен жоголуп кетет.
Жөтөлдүн алдын алуу
Эгерде балаңыздын жөтөлү бронхиалдык астмадан улам келип чыкса, анда ага талаптагыдай дарылоонун жардамы менен бөгөт коё аласыз.
Көк жөтөлдүн алдын алуу кадимки эмдөөлөрдүн жардамы менен ишке ашат!
Бөбөктөргө жана ымыркайларга жаңгак, драже момпосуйлары сыяктуу катуу азыктарды жеш үчүн бербегиле же оңой эле жутуп алышы мүмкүн болгон майда буюмдар (кнопка, шуру, тыйындар, төөнөгүч жана таштар) менен ойнотпогула.
Тилекке каршы, вирустук инфекциядан улам пайда болгон жөтөлдүн алдын алуу мүмкүн эмес.