Суук тийүү

Балдарга айрыкча кыш мезгилинде суук көп тиет. Суук тийүүнүн симптомдору мурундун бүтүшү же мурундан суу агуу, чүчкүрүү, тамак менен кулактын оорушу, жөтөлүү жана баш оору кирет. Суук тийүүнү тезинен кетире турган эч кандай дарылоо жок. Бирок парацетамол же ибупрофен, суюктуктар жана мурунга физиологиялык спрей колдонуу симптомдор менен күрөшүүгө жардам берет. Эгер балаңыздагы симптомдор жакшырбаса же ал өзүн өтө начар сезсе, дарыгерге кайрылыңыз. Колду жууп жана жөтөлгөндө оозду тосуу менен сиз суук тийүүнүн жайылуусун акырындата аласыз.
Body

Балдар жана суук тийүү

Орточо эсеп менен мектепке чейинки курактагы бала жылына алтыдан кем эмес жолу суук тийүүдөн жабыркайт. Кээде өзгөчө кыш мезгилинде балаңыз биринчисинен эми араң сакайып келе жатканда, кайра эле экинчи жолу суукка чалдыккандай, бир нече жума бою ооруп жаткандай сезилиши мүмкүн.

Кичинекей балдарга көп суук тийет, анткени аларда суук тийүүгө себепчи болуучу көптөгөн вирустарга каршы иммунитет иштеп чыгууга мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Балаңыз чоңойгон сайын акырындык менен иммунитетти иштеп чыгат жана сейрек ооруйт.

Суук тийүүнү ошондой эле жогорку дем алуу жолдорунун инфекциясы деп да аташат.

Суук тийүүнүн себептери

Суук тийип сезгенүүнүн көпчүлүгү вирустар тарабынан пайда болот. Иш жүзүндө суук тийип сезгенүүнү чакыра турган вирустун 200дөн ашуун түрү бар.

Суук тийүүнү пайда кылган вирустар чүчкүрүү, жөтөлүү жана кол аркылуу байланыштарда жугат.

Суук тийүүнүн симптомдору

Ооруну пайда кылган суук тийүүнүн симптомдору вирустан көз каранды, бирок респиратордук оорулардын бардык топтору үчүн негизги белгилер төмөндөгүлөр болуп саналат:

  • мурундун бүтүшү же суу агуу
  • чүчкүрүү
  • тамактагы жана кулактагы оорулар
  • жөтөлүү
  • баш оору
  • көздүн кызарышы
  • лимфа бездеринин шишип кетиши
  • кээде кармаган калтыратма.

 

Балаңыз алсыз болушу, кыжырланышы, өтө чарчагандыгына, башынын жана булчуңдарынын оорусуна арызданышы, начар тамактанышы же такыр эле тамактан баш тартышы мүмкүн, анын дене табы жогорулашы ыктымал.

Суук тийүүнүн симптомдору адатта бир нече күндөн бир нече жумага чейин же андан көп убакытка созулат. Сиздин балаңыз адатта эч кандай көйгөйсүз толугу менен айыгып кетет.

Кээде кулак инфекциясы, ларингит же круп (тамактын шишип оорушу), же бронхиолит же пневмония сыяктуу төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекциялары сыяктуу оордошуулар өтө сейрек келип чыгат. Бул оордошпогон суук тийип сезгенүүгө салыштырмалуу сейрек кездешүүчү оорулар.

Кээде суук тийүүнүн симптомдорун грипптен айырмалоо кыйынга турат. Адамдар грипп болуп жатам дегенде, аларга адатта суук тийип калган болот. Грипп менен ооруган адамдарда кыйла катуу булчуң оорулары, чыйрыгуу байкалышы жана дене табы жогорулашы мүмкүн.

Дарыгерге качан кайрылуу керек?

Суук тийип сезгенүүнүн дээрлик бардыгы өзүнөн-өзү айыгып кетет.

Бирок эгерде төмөнкүдөй симптомдордун бирөөсү же бир нечеси байкалса, сиз балаңызды дарыгерге алып барышыңыз керек. Сиздин балаңыз:

  • суюктук ичпейт
  • көп кусат
  • адаттан тышкары шалдырайт же уйкусурайт
  • 48 сааттын ичинде жакшырбаган калтыроо
  • эки жумадан ашык созулган жөтөлүү
  • кырылдаган дем алуу же киркирөө 

Эгерде балаңыз:

  • башынын катуу ооруп жаткандыгына даттанса
  • өңү кубарса жана уйкусураса
  • дем алуусу кыйындап баратса, дем алуусу адаттагыдан тезирээк же оор болуп жатса
  • үч айга толо элек болсо жана температурасы жогору болсо
  • басып көргөндө дагы жоголбогон бүдүрчөлөр пайда болсо

Сиз тез жардам кызматын чакырышыңыз же оорукананын тез жардам бөлүмүнө кайрылышыңыз керек.

Эгерде балаңыздын абалы 48 сааттан кийин жакшырбаса же сиз кабатыр болуп жатсаңыз, анда дарыгериңизге кайрылыңыз.

Суук тийип сезгенүүгө тест жасоо

Суук тийген балдардын көпчүлүгүнө анализдин кереги жок. Кээде дарыгериңиз башка ооруларды четке кагуу үчүн тест жасашы мүмкүн.

Дарылоо

Сасык тумоону айыктыра турган дары жок. Ошондой эле суук тийгенди тезирээк айыктыра турган атайын дарылоо ыкмасы жок. Эң жакшысы симптомдорду дарылоо керек.

Дарылоо балаңыздын организминде суу азайып кетпеши үчүн, айрыкча ысытмалап жатса, жетиштүү деңгээлде суюктук ичип жаткандыгын текшерүүдөн башталат. Балким балаңызга аз-аздан, бирок тез-тезден суюктук берип турушуңуз керек болот.

Балаңыздын абалын жеңилдетүү үчүн эмне кылууга болот:

  • Эгер балаңыздын температурасы жогорулап жана ыңгайсыздыкты сезип жатса, анда ага сунуш кылынган дозада жана жыштыкта парацетамол бериңиз. Ошондой эле ибупрофенди үч айдан жогору курактагы балдарга да берсеңиз болот.
  • Балаңызга тамакты зордоп бербеңиз. Дене табы жогору болуп турганда балаңыз ачка болбосо анда бул нормалдуу көрүнүш. Ал өзүн жакшы сезе баштаганда табити кайтып келет.
  • Балаңыздын мурдуна туздуу эритмелерди тамчылатып көрүңүз, ал мурундун бүтүшүн жеңилдетет.
  • Балаңыздын эс алуусун колдоңуз, бирок анын төшөктө жатышынын кажети жок. Балаңыз канчалык активдүү болууну кааласа өзү чечсин.
  • Сүт азыктарынан баш таруунун кереги жок экендигин эске алыңыз - алар ашыкча былжырлуу суюктук бөлүп чыгарбайт.

Бул дарылар суук тийгенде сунушталбайт:

  • Жөтөлгө каршы дары-дармектер жана шишикке каршы каражаттар олуттуу терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 
  • Антибиотиктер: суук тийүү адатта вирустардын таасиринен келип чыгат, андыктан антибиотиктер жардам бербейт жана ал гана эмес ашказандын бузулушуна жана ич өткөккө алып келиши мүмкүн.

Суук тийүүнүн алдын алуу

  • Чүчкүргөндөн, жөтөлгөндөн жана мурунду тазалагандан кийин, ошондой эле тамактанардан мурун колду жылуу суу менен самындап жууңуз.
  • Колуңузга микробдор тийбеши үчүн чыканагыңызга жөтөлүңүз жана чүчкүрүңүз.
  • Оорулуу адам пайдаланган идиш-аякты колдонбоңуз.