Баланын өмүрүнүн экинчи жылындагы физикалык активдүүлүк, экран алдында убакыт өткөрүү жана уйку боюнча сунуштар
Ушул жаштагы балага күнүмдүк ишмердүүлүктү пландаштыруу оңой эмес. Алар курагы боюнча гана эмес, ошондой эле ар бир баланын жеке керектөөлөрү менен дагы аныкталат. Физикалык активдүүлүк үчүн туура ылайыкташтырылган убакыт, отуруп өткөргөн убакыт (тамактануу, унаада, коляскада жүрүү ж.б.) жана уйку менен өткөргөн убакыт баланын ден соолугунун жакшырышына олуттуу таасирин тийгизет.
2 жаштагы балдар
- Бул курактагы бала күнүнө ар кандай интенсивдүүлүктөгү физикалык активдүүлүктөрдүн ар кандай түрлөрү, анын ичинде орточо жана жогорку интенсивдүү физикалык көнүгүүлөр менен 180 мүнөттөн кем эмес алектенүүгө тийиш; канчалык көп болсо, ошончо жакшы.
- Балага 1 сааттан ашуун катары менен кыймылы чектелген кырдаалда (мисалы, арабада, балдар керебетинде, көтөрүп жүргүчтүн жана эрго-жон баштыктын ичинде) калууга же узак убакыт бою отуруу сунушталбайт.
- Экрандардын (сыналгы, планшет, мобилдик телефон) таасири эки жаштын аягына чейин сунушталбайт же экрандын астындагы убакыт тез-тезден тыныгуулар менен 1 сааттан ашпоого тийиш. Кыймылдуулук чектелген мезгилдерде баланын чоң адам менен мамиле кылуусун, мисалы жомокторду жана окуяларды окуп берүү түрүндө камсыздоо сунушталат.
- Сиз балаңыздын эң маанилүү мугалимисиз, андыктан уюлдук телефон, планшет, сыналгынын таасири анын сезимдерине жана өзүн кандай алып жүрө тургандыгына таасир этиши мүмкүн экендигин унутпаңыз.
- Балага сапаттуу жакшы уйку керек. Сиз балаңыздын керектөөлөрүн эске алуу менен уктоо убактысына түзөтүү киргизесиз, анткени уктоонун жана ойгоо жүрүүнүн туруктуу режимин сактоо менен күндүзгү жана түнкү уйкуга болжол менен күнүнө 11ден 14 саатка чейин муктаждык бар.
Жеңил физикалык активдүүлүк баланын – сууга түшүү, жай басуу жана ашыкча күч жумшоону талап кылбаган башка анча-мынча аракеттерди камтыган тынч абалдагысына караганда 1,5 - 4 эсе көп энергия сарптаган иш-аракеттерди камтыйт.
Орточо жана жогорку интенсивдүүлүктөгү физикалык активдүүлүк баланын тынч абалдагысына караганда 6 -7 эсе көп энергияны сарптаган аракеттерди камтыйт: тез басуу, чуркоо жана топ менен ойноо, секирүү, сууда сүзүү, бийлөө ж.б., мындай учурда бала ашыкча күч жумшайт жана күйүгөт.