Кош бойлуу аялдар жана COVID-19 инфекциясы

Кош бойлуу аялдар ошол курактагы аялдарга салыштырмалуу COVID-19дун оор формаларынын өнүгүүсүнүн кыйла жогорку тобокелчилигине дуушар боло тургандыгына эч кандай далилдер жок. Мындан тышкары кош бойлуу мезгилдеги COVID-19 оорусу ошондой эле ара төрөөнүн жогорку тобокелчилигин билдирет.
Body

Кош бойлуу аялдарда, ошондой эле бүтүндөй жалпы калк арасында COVID-19 симптомсуз жугушу мүмкүн. Эпидемиологиялык байланыш тарыхы бар бардык кош бойлуу аялдар кылдат көзөмөлдө болушу керек. Эгерде инфекция далилденсе, кош бойлуу аялды дарылоо көрсөтүлгөн клиникалык көрүнүшкө жараша болот. 
Бүгүнкү күндө кош бойлуулук учурунда COVID-19ду жуктуруп алгандан кийинки клиникалык көрүнүштөр жана перинаталдык жыйынтыктар жөнүндө маалыматтар чектелүү.  
Азырынча инфекция кош бойлуулуктун үчүнчү триместринде пайда болгондо энеден балага вирус жугушу боюнча эч кандай далил жок. Түйүлдүктүн айланасындагы суулар, киндиктин каны, кындын секрециясы, ымыркайлардын тамагынан жана эмчек сүтүнөн алынган сүртүндүнүн үлгүсүнө жасалган ПЧР тесттер терс жыйынтык берген. Активдүү вирустун энеден түйүлдүккө же ымыркайга кош бойлуулук же төрөт учурунда жугуу жөндөмдүүлүгү азырынча аныктала элек.

Үчүнчү триместрде COVID-19ду жуктуруп алгандан кийин эне же жаңы төрөлгөн бала үчүн оор кесепеттери жөнүндө далилдер ишенимсиз, анткени кээ бир учурларда жаман жыйынтыкка алып келген коштогон көйгөйлөр болгон (түйүлдүктүн мембранасынын эрте айрылышы, жаңы төрөлгөн баланын тумчугушу, ара төрөө ж.б.).