Ымыркай менен алгачкы сейилдөө
Эгерде айрым сунуштар аткарылса баланы 15 күндүгүнөн баштап сейилдөөгө алып чыгууга болот. Ымыркайдын сыртта болушу анын жалпы абалын, маанайын, уйкусун, тамакка болгон табитин, инфекцияларга каршылык көрсөтүүсүн жакшыртат. Сыртта болуунун узактыгы мезгилге жана климаттык шарттарга жараша болот.
Body
Сейилдөөгө чыгуунун астында эмнеге көңүл буруу керек
- Биринчи күнү сунушталган убакыттын узактыгы 5тен 10 мүнөткө чейин, адегенде үйдүн жанында, андан кийинки күндөрдө сейилдөөнүн узактыгы 10 мүнөткө көбөйтүлөт.
- Көчөгө чыгуу убактысын ымыркайдын ыргагына тууралаңыз, ал чыргоолонсо же ачка болсо чыгарбаңыз.
- Ымыркайлар сейилдөө аркылуу курчап турган дүйнөнү таанышат. Балаңыздын иммунитети өтө начар болгондуктан ал ар кандай инфекцияларга көбүрөөк чалдыгат.
- Үйдүн ичинде адамдар көп болгондо бала дагы микробдорго дуушар болот.
- Ошондой эле газдын түтүнү жана унаанын ызы-чуусу ымыркайга пайда алып келбейт, андыктан аны парктарга жана скверлерге сейилдөөгө алып барган жакшы.
- Кийимге келгенде бала ата-энеси сыяктуу эле аба ырайынын шарттарына ылайык кийиниши керек.
- Алмаштырып кийүүчү кийими салынган сумканы сөзсүз сала жүрүңүз.
- Баланы баарынан дагы балдар арабасында сейилдетүү эң жакшы. Балдар арабасында эң башкысы коопсуздук жана жайлуулук камсыздалган.
- Ымыркай абдан кичинекей кезинде анын жүзүн көрүп тура тургандай балдар арабасын тандоо керек. Бул жакшы мамиле түзүүгө түрткү берет, апасы балага байкоо жүргүзүп жана аны менен сүйлөшө алат.
- Бала өз алдынча отура баштаары менен анын айлана-чөйрөнү таанууга болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн ымыркайдын алдыга карап отура турган балдар арабасын тандаган жакшы.