Ымыркайлардын угуусун текшерүү

Ымыркайлардын угуусун текшерүү угуунун бузулуусун өз учурунда аныктоо, калыбына келтирүү жана дарылоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Body

Угуунун бузулушу – тубаса аномалиялардын бири. Угуунун олуттуу бузулушу менен 1000 ымыркайдын ичинен бирөөсү жапа чегет, алардын көпчүлүгүндө төрөлгөн учурда тобокелчилик факторлору же симптомдору жок болот.

Эмне үчүн угуунун бузулушун өз учурунда аныктоо маанилүү?

Сөз өстүрүү жана коммуникациялык өнүгүүдө кечигүүгө жол бербеш үчүн баланын угуусундагы бузулууну мүмкүн болушунча эрте таануу маанилүү. Угуунун бузулушу баланын өмүрүнүн биринчи айларында пайда болушу мүмкүн, бирок кийинчерээк дагы болушу ыктымал. Ата-энелер бала үндөргө кандай жооп берерине көз салышы жана эгерде бала укпай жаткандыгына шектенүү келип чыкса үй-бүлөлүк дарыгерге мүмкүн болушунча тезирээк кайрылуулары зарыл. Керек болгон учурда үй-бүлөлүк дарыгер текшерүүгө жана адистерден (отоларинголог, сурдолог) консультация алуу үчүн жөнөтөт.

Угуу кандай текшерилет?

Ымыркайлардын угуусун текшерүүнүн кыйла көп колдонула турган ыкмасы – бул аудиологилык скрининг.  Бул жөнөкөй жана ишенимдүү ыкма, балада ооруну жана ыңгайсыздыкты пайда кылбайт жана бир нече мүнөткө созулат. Бөбөктүн кулагына жабдуудагы белгилерди каттай турган жумшак кулак жаздыкчасы коюлат.

Аудиоскрининг диагноз коюу үчүн эмес, кошумча текшерүүгө муктаж болгон балдарды аныктоо үчүн колдонулат

Дарылоо  

Угуусу бузулган балдарды дарылоону мүмкүн болушунча эрте баштоо керек, анткени ал сүйлөө жана тил жөндөмдүүлүктөрүндөгү мыкты натыйжаларды камсыздайт. Скринингди баланын өмүрүнүн 1-айынын аягына чейин, ал эми диагностикалык текшерүүнү 3-айдын аягында жүргүзүп жана кулактын угуусун калыбына келтирүүнү 6-айда баштоо сунушталат

Айрым балдар отоларинголог-дарыгерлердин андан аркы байкоосуна муктаж болушат. Бул ара төрөлгөн, төрөлгөндө тумчугуп калган, дене салмагы аз жана башка тубаса аномалиялары менен төрөлгөн балдар. Эгерде үй-бүлөнүн жакын туугандарында кулагы катуулук же кереңдик бар болсо, угуунун жоголушу кийинчерээк дагы байкалышы мүмкүн жана мындай балдар байкоо астында болууга тийиш.

Угууну калыбына келтирүү профилдик адистердин командасы тарабынан аткарылат. Угуунун бузулушун угуу аппараттарынын жардамы менен оңдоого болот. Эгерде балада угуунун эки тараптуу оор бузулуусу бар болсо, угуу аппараты кээде жетишпейт, анда көйгөй кохлеардык имплантатты орнотуу менен ийгиликтүү чечилет.