Эмне үчүн балаңызга эмдөө маанилүү

Эмдөө – бул олуттуу коркунучтуу оорулардан коргоону түзө турган, балаңыздын иммунитетин чыңдоонун жөнөкөй, коопсуз жана эффективдүү ыкмасы.
Body

Эмдөө - бул ар бирибиздин ден соолугубуздун маанилүү курамдарынын бири. Ымыркай жашоосунун биринчи күндөрүнөн тартып, айланасындагы жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучунан сакталат. Эмдөөнүн жардамы менен бүткүл дүйнө жүзү боюнча кенже курактагы балдардын майыптыгы жана өлүмү кескин кыскарды. COVID -19 коронавирус инфекциясынын пайда болушу менен дүйнөнү каптаган кырдаал эмдөө калк арасында өтө оңой жана тездик менен жайылып, дүйнөлүк пандемияга алып келген ушундай күчтүү вирустар менен күрөшүүдө канчалык маанилүү экендигин көрсөттү.

Дүйнө жүзүндө жугуштуу оорулар өкүм сүрүп жатканда жана ага каршы вакциналар бар болгондуктан, баланы эмдөөнүн жардамы менен коргоо маанилүү. Бул ошондой эле учурдагы жугуштуу ооруларга каршы жамааттык иммунитетти колдоонун жана мезгил-мезгили менен пайда болуп туруучу жаңы ооруларга каршы жаңы вакциналарды иштеп чыгуу жана өндүрүүгө көмөктөшүүнүн жакшы жолу.

Эмдөөнүн эффективдүүлүгүн качандыр бир кезде оор, өлүмгө алып келген ооруну алып келген чечек вирусуна каршы күрөштүн мисалынан көрүүгө болот. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча ийгиликтүү ишке ашырылган эмдөөнүн натыйжасында чечек оорусу толугу менен жок кылынган жана 1980-жылдан бери ага каршы вакцинаны андан ары колдонуу зарылдыгы жокко чыгарылган.

  • Вакцина деген эмне? Вакциналар жансыздандырылган же тирүү, бирок алсыздандырылган вирустар же бактериялардан, же алардын өзгөрүлгөн бөлүкчөлөрүнөн турат. Алар зыянсыз жана балаңыздын иммундук системасын активдүү стимулдаштыруу үчүн, ал антителолорду иштеп чыгышы жана ушул вирустардан жана бактериялардан коргоону камсыздоо үчүн колдонулат. Бул антителолор вирустар жана бактериялар организмге чабуул жасоого аракеттенген учурда мизин кайтарууга дайыма даяр болуучу балаңыздын коргонуу системасы болуп калат.
  • Иммундаштыруу жана эмдөө. Иммундаштыруу - бул баланы эмдөөнүн жардамы менен бөгөт коюла турган айрым жугуштуу оорулардан коргоону камсыз кылуу процесси. Мындай коргоону эмдөө жолу менен, ошондой эле пассивдүү түрдө, даяр коргоочу факторлорду, спецификалуу антителолорду камтыган иммуноглобулиндерди киргизүү менен камсыз кылса болот. Активдүү эмдөө узак убакытка чейин коргоону камсыз кылат, ошол эле учурда пассивдүү эмдөө салыштырмалуу кыска убакытка (адатта, болгону бир нече жумага чейин) коргоону камсыз кылат.
  • Эмдөө – бул вакцина куюу. Эмдөө балаңызда патогенге каршы антителолордун (ооруларды пайда кылуучу бактериялар же вирустар) иштелип чыгышына атайылап стимул берет, мында ал ооруга алып келбейт. Вакциналар инъекция (мисалы, кептөөр, сенек, көк жөтөл ж.б.), ооз аркылуу (мисалы полиомиелит жана ротавирус) жана мурундун былжыр чели (гриппке каршы тирүү вакцина) аркылуу жасалат. Айрым балдар жаш курагына же иммунитетти начарлаткан олуттуу ооруларына байланыштуу бардык вакциналарды ала алышпайт. Сиз дарыгериңизден жаңыланган сунуштарды жана кеңештерди ала аласыз, ошондой эле балдар иммунологуна кайрылсаңыз болот.
  • Жамааттык иммунитет: Иммундаштыруу балаңызды эмдөөнүн жардамы менен алдын алууга боло турган жугуштуу оорулардан сактайт, анын ден соолугун чыңдайт, ошондой эле оорунун андан ары жайылышына жол бербейт. Ошондуктан жамааттагы жетишерлик сандагы адамдар ушул оорулардын себеби болуп саналган бактериялардын жана вирустардын жайылышын акырындатуу же толугу менен токтотуу үчүн ооруларга каршы зарыл болгон каршылыкка ээ болуусу маанилүү. Бул коргоо жамааттык иммунитет деп аталат.

Балаңызда узак мөөнөттүү коргонуу калыптануусу үчүн, ал Кыргыз Республикасынын алдын алуу эмдөөлөр календарына ылайык пландуу эмдөөлөрдү алышы керек.

Балаңызды эмдөөнүн жардамы менен алдын алуучу ооруларга каршы эмдөөнү унутпаңыз, анткени эмдөө анын коргонуу тутумун чыңдап жана көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калышы мүмкүн.