Вакцинага тиешелүү жомоктор жана фактылар
Вакциналарды кеңири колдонуу алардын коопсуздугу, организмге мүмкүн болгон таасирлери жана узак мөөнөттүү кыйыр таасирлерине байланыштуу жомоктордун келип чыгышына жана жайылуусуна түрткү берди. Кийинки пунктта биз ушул көйгөйлөргө байланыштуу фактыларды жалпылайбыз.
Жалпы медицина тууралуу жана конкреттүү түрдө вакцина жөнүндө шектенүү жана маалымат издөө ар дайым нормалдуу жана ал тургай негиздүү. Ошого карабастан биз маалыматты Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Европалык медициналык агенттиги, Америкалык Педиатрия академиясы сыяктуу ишенимдүү булактардан алууну абдан сунуш кылабыз.
Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында көпчүлүк бөлүгү илимий базасыз, ал гана эмес атайылап жалган маалыматты камтыган эмдөөгө карата көптөгөн имиштер жана уламыштар жайылып жатат.
“Дал келүү” деген эмне экендигин айырмалоо абдан маанилүү. Көп учурларда эки окуя биринин артынан бири болот, биринчи окуя экинчиси тарабынан шартталды дегенге негиздер жок.
Мисалы, эгерде жер титирөө футбол боюнча улуттук курама команда жеңилгенден бир күн өткөндөн кийин болсо, жеңилүү жер титирөөгө алып келди десе эч ким ишенбейт. Бул жөн гана кокустук.
Ошол сыяктуу эле эмдегенден кийин пайда болушу мүмкүн болгон айрым олуттуу кесепеттер дагы ошондой эле: биз көптөгөн генетикалык оорулар жана балдардын оорулары өмүрдүн алгачкы 2 жылында пайда болоорун унутпашыбыз керек. Бул учурда бала вакциналардын көпчүлүгүн алат. Ошондуктан эмдөөнүн кесепеттерин вакцина өзү пайда кылдыбы, коштогон оорулар менен убакыт боюнча дал келүүбү же башка себептерби аныктоо абдан маанилүү.
Ар кайсы өлкөлөрдө эмдөө боюнча ири эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт жана вакциналар коопсуз жана балдарды эмдөөнүн жардамы менен бөгөт коюуга боло турган оорулардан балдардын ден соолугун коргоо үчүн эффективдүү экендиги боюнча аябагандай көп сандагы далилдер бар.