Колик (ичегиге жел туруу): эмне кылуу керек

Ымыркайлардын көп ыйлап же тынчы кетип жана соороно албаган абалдарын көп учурда «колик» деп аташат. Ошондой эле көпчүлүк учурларда ичегиге жел туруу ичегинин нерв-булчуң жана гормоналдык жөнгө салынышынын жетилбегендиги менен шартталган. Баланын ыйлашы жана чыргоолонушу олуттуу оорулардан дагы симптомдору болушу мүмкүн, ошондуктан сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл.
Body

Балаңызда колик бар деп ойлосоңуз: эмне кылуу керек

Биринчиден , балаңызды доктурга текшертишиңиз керек. Бул физикалык жактан кабатырлана турган эч нерсе жок экенине ынандырат. Ошондой эле сизди тынчтандырат.

Мындан тышкары, медайым сиздин баланы тамактандыруу техникаңызды текшерип, сиз өзгөртө турган бир нерсе бар же жок экендигин айта алат. Ошондой эле медайым сизге жашаган жериңиздеги  маселелерди чечүүчү программалары жана эрте курактагы балдарга билим берүү борборлору боюнча кеңеш бере алат.

Ата-эне катары, сиз балаңызга кам көрүү, үйүңүздү таза кармоо, ишке баруу, соода кылуу, тамак жасоо ж.б. оңойдой сезилет. Бирок бул мүмкүн эмес. Эгер сиз көп нерсени жасоого аракет кылуудан стресске кабылсаңыз, өзүңүз, үй-бүлөңүз жана балаңыз кыйналат.

Өзүңүзгө жетиштүү эс алуу, уйку жана убакыт бөлүү абдан маанилүү, муну менен балаңызга кам көрүү үчүн сиз жакшы формада болосуз.

Колик менен күрөшүү: 10 кеңеш

Ыйлоо жана чырлануу - көпчүлүк ымыркайлар үчүн өнүгүүнүн кадимки бөлүгү. Бул убакыттын өтүшү менен өтөт. Бирок бул жерде балаңыздын канча жолу, канчага жана канчалык катуу ыйлаганын жана тынчсызданганын кыскартууга жардам бере турган айрым ойлор бар:

  • Балаңыздын ыңгайлуу экендигин текшерип алыңыз. Анын жалаягын алмаштыруу керекпи же өтө ысып кеттиби же, үшүп калдыбы, караңыз.
  • Эгер балаңыз ачка деп ойлосоңуз же акыркы ирет тамактанганына эки сааттан ашык убакыт өтсө, анда тамактандырыңыз.
  • Упчу бериңиз же эмизиңиз. Кээде балаңыз ачка эмес болсо да, соргусу келип, талап кылат. Эгер ал 3-4 айлык же андан чоң болсо, анда ага өз манжаларын же баш бармагын табууга жана сорууга жардам берсеңиз болот.
  • Ымыркайыңызга акырын сүйлөп, ага ырдап же жай музыканы ойноп бериңиз. Ал сиздин жакын жерде жүргөнүңүздү билгиси келип жаткандыр, сиздин үнүңүз аны тынчтандырышы мүмкүн. Жагымдуу ызы-чуу кээ бир ымыркайларды тынчтандырышы мүмкүн. Желдеткичти, чаң соргучту же радиону күйгүзүп көрүүгө болот. 
  • Балаңызды акырын силкилдетип же салмоорго салып көтөрүп сейилдеңиз. Кээде кыймыл-аракет жана ата-энеге жакын болуу ымыркайларды тынчтандырат.
  • Балаңызды коляскада сейилдетиңиз. Бирок эсиңизде болсун, балаңызды колясканын ичинде көзөмөлсүз уктатып калтыруу сунушталбайт.
  • Балдар үчүн массажды жасап көрүңүз, үй-бүлөлүк медициналык медайымыңыз сизге балага массаж жасоону үйрөтө алат.
  • Балаңызды жылуу ваннада жуундуруңуз. Бул балаңызды тынчтандырып, уйкусуна жардам бериши мүмкүн.
  • Жарыкты басаңдатып, тынчтандырыңыз, бул дүүлүгүүнү азайтууга жардам берет.
  • Тамактандыруунун жана тынчтандыруунун үлгүсүн орнотууга аракет кылыңыз.

Кайсы стратегия сиздин конкреттүү кырдаалга туура келерин билүү үчүн тажрыйба жүргүзсөңүз болот. Кээде бир күнү жакшы иштеген стратегиялар эртеси иштебей калышы мүмкүн. Эгер ушул стратегиялардын бири иштебей калса же бир аз убакыттан кийин жардам бербесе, башкасын колдонуп көрүңүз.

Бул ыкмалар балаңыздын ыйлоосун сыйкырдуу түрдө токтото албайт, бирок алар ишти жеңилдетиши мүмкүн.

Балаңызды көтөрүп, кучактап же аны менен сүйлөшүп анын тарбиясын буза албайсыз. Балаңыздын курсагы ач деп ойлосоңуз ага тамак берип, ыйлаганда аны сооротуу үчүн көтөрүңүз.

Мындай коликтерге дары-дармектер жана аралашмалар, хиропрактика сыяктуу башка дарылоолор жардам катары далилденген эмес.

Пробиотикалык кошумчалар, энелердин диетасын өзгөртүү, рефлюкске каршы дары-дармектер жана формуланы өзгөртүү сыяктуу чаралар чанда гана негиздүү жана дарыгер менен гана кеңешилет.

Колик боюнча терапевтке качан көрүнүү керек

Эгер балаңызда колик бар деп ойлосоңуз, анда дарыгериңизге эртерээк көрүнгөнүңүз жакшы. Эгерде сиз дарыгериңизге кайрылгандан кийин деле, балаңыздын жүрүм-турумуна тынчсызданып жатсаңыз, анда дарыгер менен дагы бир жолу сүйлөшүүгө болот.

Сиз, албетте, дагы бир жолу дарыгерге кайрылышыңыз керек, эгерде :

  • жогорудагы стратегиялар балаңыздын ыйлоосуна жардам бербесе
  • балаңыз солгун же кубарып кеткендей сезилсе
  • балаңыз жакшы тамактанбай  же салмак кошпой жатса
  • балаңыздын температурасы көтөрүлсө
  • балаңызда тынбай кусуп же ичи өтсө
  • балаңызга зыян келтирип алам деп корксоңуз
  • башка себептерден улам тынчсызданып жатсаңыз.

Коликага тесттер

Кан анализи же рентген сыяктуу иликтөөлөр колик менен ооруган балдардагы көйгөйлөрдү сейрек аныктайт. Догдур балаңызды ыйлаткан кандайдыр бир оору же инфекция болушу мүмкүн деп ойлогон убакта гана, балаңызга анализдер талап кылынат.

Коликанын алдын алуу

Колик көптөгөн ымыркайлар башынан өткөргөн кадимки фаза окшойт. Бул алдын алуу кыйын дегенди билдирет.

Балаңызда колик бар деп ойлосоңуз эмне кылуу керек

Биринчиден, баланы текшертүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге көрсөтүү керек. Бул баланын ден соолугунда бардыгы жайында экенине ынанууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле сизди тынчтандырат.

Колик болгондо эне менен балага психологиялык ыңгайлуулук түзүү, эненин тамак-аш рационун түзөтүү сунушталат. Эненин тамак-ашынан ичегиде газдын пайда болушуна өбөгө түзүүчү жана экстрактивдүү заттарга бай азыктарды алып салуу керек – булар нак сүт, сүт кошулуп жасалган токочтор, буурчак өсүмдүктөрү, эт жана балык шорполору, пияз, маринаддалган, туздалган азыктар. Аллергиялык реакцияларды пайда кылуучу азыктарды чыгарып салуу керек.

Эгерде ымыркай эне сүтү менен багылып жатса, туура эмизүү техникасын камсыздоо үчүн кырдаал түзүү керек – бала үрптү оозуна туура салышы үчүн эне аны туура кармоого тийиш.

Колик менен күрөшүү: 10 кеңеш

Ыйлоо жана чыргоолонуу - көпчүлүк ымыркайлар үчүн өнүгүүнүн нормалдуу бөлүгү. Бул убакыттын өтүшү менен жоголуп кетет. Бирок балаңыздын ыйлоо жана чыргоолонуу жыштыгын, узактыгын жана интенсивдүүлүгүн кыскартууга жардам бере ала турган бир нече сунуштар бар:

 

  • Балаңызга жайлуубу же жокпу текшерип алыңыз. Анын жалаягын алмаштыруу керекпи, бала өтө ысып кеттиби же үшүп жатабы караңыз.
  • Эгер балаңыз ачка деп ойлосоңуз же акыркы ирет тамактанганына эки сааттан ашык убакыт өтсө, анда тамактандырыңыз.
  • Бала менен мээримдүү сүйлөшүңүз, ага ырдап бериңиз же назик музыка коюп коюңуз. Ал жанында сиздин бар экендигиңизди сезиши жана сиздин үнүңүз аны тынчтандырышы мүмкүн.
  • Баланы акырын терметиңиз же слинг баштыгына салып көтөрүңүз. Кээде кыймыл-аракет жана ата-энеге ыктоо бөбөктөрдү тынчтандырышы мүмкүн.
  • Балаңызды балдар арабасына салып сейилдетиңиз. Бирок эсиңизде болсун, балаңызды балдар арабасынын ичинде уктаган боюнча көзөмөлсүз калтыруу сунушталбайт.
  • Балдар үчүн укалоону жасап көрүңүз. Үй-бүлөлүк медайымыңыз сизге баланы укалоону үйрөтө алат.
  • Бөбөктү жылуу ваннада жуундуруңуз. Бул балаңызды тынчтандырып, уктап кетишине жардам бериши мүмкүн.
  • Жарыкты өчүрүп, кырдаалды жумшартыңыз, бул дүүлүгүүнү азайтууга жардам берет.
  • Тамактандыруу режимин жана тынчтандыруу схемасын орнотууга аракет кылыңыз.

Сиз баланы кучактап же аны менен сүйлөшүп колуңузга көтөрсөңүз болот. Балаңыздын курсагы ачкандай сезилсе эмизиңиз жана ыйлаганда аны сооротуу үчүн көтөрүңүз.

Коликке каршы дары-дармектер жана аралашмалар, мануалдык терапия сыяктуу башка дарылоо ыкмалары

Симетикон дары каражатынын натыйжалуулугу тууралуу маалыматтар бар, аны пайдалануу ичегинин ишин жакшыртат жана оорутуу синдромун жок кылат.

Колик боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге качан кайрылуу керек?

Эгер балаңыздын ичине жел турду деп шектенсеңиз ошол замат үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылган жакшы.

Кайрадан дарыгерге сөзсүз кайрылуу керек, эгерде:

  • жогорудагы сүрөттөлгөн иш-чаралар балаңыздын тынчтануусуна жардам бербесе
  • балаңыз шалдырагандай же өңүнөн азып кеткендей сезилсе
  • балаңыз жакшы тамактанбай же салмак кошпой жатса
  • балаңыздын температурасы жогоруласа
  • балаңыз тынбай кусуп же ичи өтсө
  • балаңызга зыян келтирип алам деп корксоңуз
  • башка кайсы бир себептерден улам тынчсызданып жатсаңыз.

Коликке тест жасоо

Дарыгер балаңызда оору же инфекция болушу мүмкүн деп эсептеген учурда гана балаңызга анализдер талап кылынат.

Жел туруунун алдын алуу

Ичегиге жел туруу көптөгөн ымыркайлар башынан өткөрүүчү кадимки фаза. Демек анын алдын алуу кыйын.

Абдан көп көтөрүлүп жүргөн кичинекей ымыркайлар (салмоорду колдонуп), ыйлоо жана чырлануу өнөкөтү аз.