Оодарылуулар

Сизге: көңүлдүү маанай керек!  

Оюндун маңызы эмнеде: баштоодон мурда ыңгайлуу жана коопсуз мейкиндикти уюштуруңуз. Килемдин, жууркандын же керебеттин үстүндө жасоого болот.

Алгач балаңызды чалкасынан жаткырып, ал кыймылга көнгөнгө чейин колу-бутун акырын кыймылдатыңыз. Андан кийин анын оң колу менен оң бутун кармап, акырын, өтө кылдаттык менен баланы сол жакка буруңуз жана ага оодарылууга жардам бериңиз. Аны мактап, ушул абалда эс алдырыңыз. Андан кийин балаңызды кайрадан чалкасынан жаткырып, оң жакка буруу менен көнүгүүнү кайталаңыз. Ымыркайга эс алууга жана колу-бутун кыймылдатканга жетиштүү убакыт бериңиз.

Бул көнүгүүнү жалаякты алмаштырганда же кичинекей бала тегиз жерде жатканда эки-үч жолу жасаса болот.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүүнүн жардамы менен сиз кичинекей балаңызга колдун жана буттун булчуңдарын чыңдоого жардам бересиз жана анын оодарылууну каалоосуна түрткү бересиз.