Өтүнүчтөр менен тажатуу: бул үчүн эмне кылуу керек

Өтүнүчтөр менен тажата берүүнүн кажети жок, балаңыз сиз кандай жүрүм -турум күтөөрүңүздү билип, ал өзүн жакшы алып жүргөнсө аны мактаңыз. Эгерде бала дүкөнгө бара жатканда өтүнүчтөрү менен тажатса, өзүңүз токтоо болуга аракет кылыңыз. Эгерде сиз “жок” деп айткан болсоңуз, оюңузду өзгөртпөңүз. Балаңыз көргөн жарнакты азайтууга аракет кылыңыз.
Body

Эмнеге балдар кыйналышат

Сиздин балаңыз үчүн дүйнө кызыктуу нерселерге толгон. Соода борборлорунда алар көбүнчө балаңыздын көз деңгээлинде. Балдар балдарга арналган  товарлардын акылдуу маркетингине оңой кабылышат - мисалы, оюнчуктар жана зыяндуу тамак -аш. Жана кээ бир татынакай, жалтырак же даамдуу нерселер алар үчүн жакшы пайда алып келбестигин  же акчаны ысырап кылуу экенин балдарга түшүнүү кыйын.

Мунун баары балдардын өтүнүчтөрүнө алып келет. "Чупа-чупс алсам болобу?", "Мен оюнчук каалайм!", "Суранам, суранам, суранам!"

Таарынуу сени чарчатышы мүмкүн. Ал тургай, сизди ыңгайсыз абалга алып келиши мүмкүн - мисалы, 'Эмне үчүн биз бул оюнчукту сатып ала албайбыз?' Кээде “жок” деп айтуу кыйынга турат, качан сиз, мындайга жол берип койсоңуз, балаңыз дароо ырахатка батаарын - же сизге кайталаган өтүнүчтөрдөн, кыңкылдоодон, ызы-чуулардан  тез арада жеңилдээриңизди билесиз.

Бирок эгер сиз багынып берсеңиз, анда сиздин балаңыз ушинтип үстөмдүк кылса болоорун билип алат. Бул ал дагы кайталай берээрин билдирет.

Бир нерселерди сурап алуу дайыма эле тажатуу эмес. Андан балдардын өтүнүчтөрүнө  сиз кандай  жооп берүүңүз, аларга сүйлөшүү, баарлашуу жана кантип таасир этүү керектиги боюнча маанилүү сабак болуп калат. Балдар бир нерселерди сураганда кантип жооп берүү керектиги тууралуу биздин макаладан көбүрөөк билиңиз.

Таарынууну азайтуу

Сиз биринчи кезекте кыжырданууну азайтуу үчүн чараларды көрө аласыз:

  • Дүкөнгө барардан мурун кээ бир негизги талаптарды коюңуз. Балаңыз менен кандай жүрүм -турумду күтүп жатканыңызды жана ар кандай  тажатууга кандай жооп берериңизди сүйлөшүңүз.
  • Балаңызды дүкөндөгү жакшы жүрүм -туруму үчүн мактаңыз. Ага позитивдүү көңүл буруңуз, ал өтүнүчтөр менен сизди тажатпай жаткандыгын байкаганыңызды билиши керек. Мисалы, «Мага дүкөндө соода кылууга  жардам бергениң  жана биз сатып ала албаган нерселерди сурабаганың үчүн сыймыктанам'.
  • Дүкөндөгү жакшы жүрүм -туруму үчүн жакшы сыйлыктарды сунуштаңыз. Мисалы, «Эгер сен   дүкөндөн эч нерсе сурабай эле өтсөң, биз үйгө бараткан жолдо паркка токтойбуз».
  • Үйүңүздө жарнактарга сак болуңуз - мисалы, сыналгы, радио, интернет, почта, колдонмолор жана социалдык түйүндөр аркылуу келген. Балаңыз канчалык көп жарнак көрсө, ошончолук ал буюмдарды каалайт.
  • Балаңыз менен жарнама жана керектүү сатып алуулар жөнүндө сүйлөшүңүз. Мисалы, бекер оюнчуктар сизди кээ бир тез даярдалуучу продуктуларын сатып алууну каалашы мүмкүн экени жөнүндө сүйлөшсөңүз болот.
  • Үй –бүлөңөр менен  эмнени сатып алаарыңар  жөнүндө чечим кабыл алыңыздар. Сиз дүкөнгө барганда балдарга бул чечимдерди эстете аласыз. Мисалы, “Эсиңиздеби, биз бир аз убакытка газдалган суусундуктарды сатып албоону чечтик? Ошентип, биз баарыбыз тишибизге жакшыраак кам көрөбүз”.

Интернеттеги же колдонмодогу жарнакты азайтуунун бир жолу-балдардын оюндарын, колдонмолорун жана тасмаларын жарнамасыз тандоо. Кээде колдонмонун жарнамасыз версиясы үчүн бир аз көбүрөөк төлөшүңүз керек болот, бирок ал ошого татыктуу болушу мүмкүн.

Тажаткан өтүнүчтөр  менен күрөшүү

Эгерде сиздин балаңыз кыйкырып, талап кылып же коркутуу менен нерселерди саттырып алууну кааласа, сиз төмөнкүлөрдү колдонуп көрсөңүз болот:

  • Сиз талкуулаган негизги эрежелерди балаңызга эстетип коюңуз.
  • Балаңызга ал адепти сактамайынча өтүнүчтү эске албаарыңызды билдириңиз. Мисалы, "Данияр, жагымдуу үн менен айтсаң " же "Бул суроону кантип берип жатканыңды ойлонуп көрчү" деп айтыңыз.
  • Өтүнүчтү кандай айтканына канааттанмайынча «ооба» же «жок» деп айтпаңыз.
  • Балаңыз сиз укканыңызды жана түшүнгөнүңүздү көрүшү керек. Ошентип, балаңыз сиздин жообуңузду көбүрөөк кабыл алат. Мисалы, сиз: "Ооба, алар абдан даамдуу көрүнөт" деп айта аласыз.
  • «Жок» десеңиз, аныңыздан кайтпаңыз. Анын өтүнүчүнө жол берип койсоңуз, сиз  баланы  муну көбүрөөк кылууга үйрөтөсүз. Эгер сиз «жок» деп, анан жол берсеңиз, балаңыз тажатуу жана ыйлоо иштейт дегенден  кабар берээрин түшүнөт.
  • Эгер жок деп айтсаңыз, балаңыздын көңүлү калаарын моюнга алыңыз. Мисалы, «Мен бул печеньелерди сен чын эле каалап жатканыңды көрүп турам. Бирок бизде бүгүн  таттуулар жетиштүү». Ушул сыяктуу сүйлөшүүлөр түшүнүүнү  жана сизге жана балаңызга андан ары жүрүүгө жардам берет.
  • «Жок» деп айткандан кийин балаңызды башка нерсеге алаксытууга аракет кылыңыз. Мисалы, «Бизге апельсин керек. Аларды табууга жардам бере аласыңбы?»

Балдар кыйнап жатканда тынчтыкты сактаңыз

Тажатуу көңүлдү чөктүрүп, кыжырды кайнатат. Эгерде тажатуу сизге үстөмдүк кылганын сезсеңиз, бул көнүгүү сизге жардам берет:

  1. Токтоңуз.
  2. 10го чейин санаңыз.
  3. Эми балаңызга жооп бериңиз.
  4. Бул кошумча 10 секунд сиздин тынчтууңузга жетиштүү.

Өтүнүчтөр менен тажатуу өзгөчө стресске алып келет,айрыкча коомдук жайда чыр кылса. Баш ийүүгө азгырылбаңыз, анткени сиздерди башка чоочун адамдар карап турат. Тынчтыкты сактаңыз жана тегерегиңиздегилерди унутуңуз. Кыязы, көпчүлүгү түшүнүү менен карап турушат жана алар да башынан мындайды өткөрүшкөндүр!