Отурганга үйрөнөбүз
Сизге: жаздыктар керек.
Оюндун маңызы эмнеде: балаңыз менен көнүгүүнү аткаруу үчүн орун даярдоодо бардыгы ыңгайлуу жана коопсуз болушу керектигин унутпаңыз. Балаңызды килемге, жумшак жуурканга же керебетке жаткырсаңыз болот.
Баланы жаздыктардын жанына курсагына жаткырыңыз, кошумча стимулдаштыруу үчүн далысын акырын ушалаңыз, андан кийин аны оодарып, ийиндерин акырын ушалаңыз. Андан соң аны жаздыкка отургузуңуз. Балаңызга шарды же ачык түстүү буюмду көрсөтсөңүз болот же анын көңүлү сизге бурулуш үчүн ырдаңыз. Бир-эки мүнөттөн кийин аны эс алдырыш үчүн жаткырыңыз, андан кийин дагы бир жолу отургузуңуз, бирок бул жолу отургандагы түз абалга көнүү үчүн эки жаздыкка жаткырыңыз. Андан кийин колдоосуз, артындагы жаздыктарсыз бир нече секунда отурууга аракет кылып көрсүн, анан эс алдырыңыз.
Бул көнүгүүнү эки-үч жолу кайталаңыз.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүүнүн жардамы менен кичинекей балаңыз далысынын булчуңдарын чыңдайт, отурган абалга көнө баштайт. Бул көнүгүүнүн максаты — отурган абалды жардамсыз жана колдоосуз узак убакыт бою кармоо.