Отургучта эмне бар?
Сизге керектүү материалдар: Үйүңүздөгү диван же бекем отургуч; оюнчук же балаңызга жаккан башка кызыктуу буюм.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул куракта көптөгөн наристелер турууга кызыга башташат. Наристеңиз жерден көтөрүлүп туруу үчүн диванды же отургучту кармап аракет кылып жаткандыгын көрө аласыз. Ал өз алдынча басууга даярданып жатат! Сиз аны кубаттапап турсаңыз болот (сизге муну жасоонун кереги жок болсо да, бирок бул сизди кубандырат). Жөн гана отургучка кызыктуу бир нерсени коюп, аны наристеңизге көрсөтүп, наристеңиз ордунан турууга аракет кылып жатабы же эмеректи кармап буюмду көздөй жылып жатабы байкасаңыз болот. Наристеңиздин кыймылдоо чеберчилигине жараша буюмду жакыныраак же алысыраак койсоңуз болот.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул тажрыйбалар наристеңиздин бутунда туруу жана өз алдынча жүрүү жөндөмүн өрчүтүүгө жардам берет. Анын ишеними жана толкундануусу сиздин кызыгууңуз жана дем-күчүңүз менен өсөт. Биринчи термелген кадамдарын жасаганда жакын жерде турууну унутпаңыз!