Оюнчук кайда?

Сизге керектүү материалдар: Капкагы бар үч картон кутуча; бир кичинекей оюнчук.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Бул ишти баштоо үчүн, алгач колдонула турган материалды даярдашыңыз керек. Наристеңизди отургучка же тегиз жана ыңгайлуу жерге отургузуңуз.

Анын алдына капкагы жок үч картон кутучаны коюп, алардын бирине оюнчук саласыз. Андан кийин кутучаларды жаап, андан сураңыз: оюнчук кайда?

Сиз кутучаларды бир-бирден ачып, оюнчук салынган кутучаны ачканда, таң калып: Мына! Эми кезек наристеңиздики, процессти кайталап, ал кутучаларды өзү ачсын. Оюнду экинчи жолу ойногондо, суроону өзгөртө аласыз: Эми оюнчук салынган кутучаны ач.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул иш-аракет наристеңиздин логикалык ой жүгүртүүсүн, көңүлүн жана эс тутумун жандандырууга чоң жардам берет. Наристеңиз  дагы нааразычылыгын же кубанычын билдире баштайт.