Оюнчуктар жана оюндар - Гендердик көз-караш
Адатта, кыздарды куурчак менен ойногонун, ал эми эркек балдарды сыртта ойногонун кубатташат. Бул кыздарды жаш кезинен баштап эле камкор болууга үйрөтөт, бирок кыздардын таанып-билүү, дене тарбия жана социалдык көндүмдөрүн өрчүтүүгө жол бербейт. Эркек балдарга тапанча сыяктуу оюнчуктарды ойноого берип, ал эми эркек камкорчулар эркек балдар менен көбүрөөк агрессивдүү физикалык иш-чараларга катышышат. Булар эркек балдардын агрессиясын күчөтсө дагы, физикалык активдүүлүк бардык балдардын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. Белгилей кетүүчү нерсе, санариптик оюн индустриясы тез өнүгүп келе жаткан тармак, анын мазмуну гендердик көзкарандылыкка жана сексуалдык мүнөзгө ээ. Бул өспүрүмдөр арасындагы гендердик көз карашты тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, көптөгөн жагдайларда, беш жаш жана андан жогорудагы кыздарды ойноодон баш тартуусун үндөшөт жана үй чарбасынын милдеттерине кунт коюсун кубатташат, бул алардын билим алуу, өсүү жана социалдык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоолдук кылат.
Ата-энелер үчүн кеңештер:
Бардык жыныстагы балдардын ойноосуна жана үй жумуштарына катышуусуна бирдей жана жетиштүү убакыт берилишин камсыз кылыңыз
Бардык жыныстагы балдарды гендердик нейтралдуу оюнчуктар жана оюндарды менен ойноону сунуштап, сабаттуулук, эсептөө, мейкиндик көндүмдөрү сыяктуу социалдык жана когнитивдик көндүмдөрдүн толук топтомун өнүктүрүүнү камсыз кылыңыз.
Балдардын карама-каршы жыныстагы адамдар менен байланышкан оюнчуктар жана оюндар менен ойноосун кубаттагыла, мисалы, куурчактар менен ойноо, ошондой эле физикалык активдүү оюндар
Стереотиптерди атайылап үндөгөн оюнчуктардан жана оюндардан алыс болуңуз, мисалы, кызгылт таңгак, жалгыз мүйүздүү аттар, кыздар үчүн асан-үсөн жана башкалар, ошондой эле балдарга берилген оюнчуктар жана оюндар ар тараптуу жана ар кандай болушун камсыз кылыңыз.
Балдардын мылтык жана зомбулукту чакырган оюнчуктары менен ойношун, анын ичинде ачыктан-ачык зордуктоону же сексуалдык мүнөздөгү санарип оюндарды кошо ойноосуна жол бербеңиз; зомбулук жана агрессивдүү оюндарды конструктивдүү физикалык көнүгүүлөр менен алмаштыңыз
Көйгөйлөрүн чечүүдө агрессиясын көрсөтпөстөн, балдарды ачуулануусун жана нааразычылыктарын, чыгармачылыкка жана баарлашууга которуусун кубаттаңыз.