Оюнчуктарды кантип таза кармоо керек
Балдардын оюнчуктары полдон оозго оңой эле кирип кетет. Ымыркайлар оюнчуктарды оозуна салуу менен алардын айланасындагы буюмдар менен таанышат, көңүл ачышат, ойношот, тынчтанышат. Бирок оюнчуктарга ар кандай ооруларды козгогон микроорганизмдер жабышып калышы мүмкүн.
Body
Балаңыз дени сак бойдон калышы үчүн оюнчуктарды дайыма төмөнкүдөй түрдө жууп туруу керек:
- Шылдырактарды жана тиштегич резиналарды күн сайын кечинде суюк идиш жуугуч каражаттан бир аз өлчөмдө сууга кошуп кастрюлда кайнатыңыз. Шорголоп аккан суунун астында жакшылап чайкап, кургатыңыз.
- Наристелер жуунуп жатканда ойногон өрдөктөрдү, балыктарды, кайыктарды жана башка оюнчуктарды, аларда грибоктор, көк дат жана бактериялар өөрчүбөшү үчүн жууп, суунун баарын сыгып алыңыз (эгер ичине суу кирип кетсе) жана кургатыңыз.
- Кездеме жана жумшак оюнчуктар чаңды жана кенелерди чогултат. Аларды үзгүлтүксүз силкип жана кир жуугуч машинада ар бир 15 күн сайын жууп туруңуз. Аларды кир жууганга арналган жумшак суюк кир жуугуч каражат менен жууңуз.
- Бала сыртта, короодо ойногон оюнчуктарга өзгөчө көңүл буруңуз. Ойноп бүткөндөн кийин, аларды жылуу сууга суюк идиш жуугуч каражат кошуп жууңуз. Алардын үстүндө эч кандай топурак же кум калбагандыгына көз салыңыз. Чайкап жана кургатыңыз.
Оюнчуктарды сатып алууда төмөнкүлөрдү эске алыңыз:
- алардын тазалыгын сактоо оңой болушу керек,
- алар тастыкталган өндүрүүчүлөрдөн (сертификаты бар) чыгарылган жана сапаттуу болушу керек
- алар коопсуз болууга тийиш
- алар баланын курагына ылайыктуу болушу керек.
Балдардын оюнчуктарын сактоо үчүн пластикалык кутуну же себетти бөлүп коюңуз. Балаңызга кичинекей кезинен бери оюнчуктарын ойногондон кийин жыйнап коюуга үйрөтүңүз. Муну менен жакшы адаттар оюн аркылуу калыптанат жана балада тыкандык пайда болот.