Өзгөчө адамдар үчүн өзгөчө карточкалар

Сизге керектүү материалдар: Кагаз (жөнөкөй же түстүү), карандаштар, борлор же маркерлер; картаны кооздоо үчүн колдонула турган башка материалдар (жабыштырыла турган түстүү жиптердин бөлүктөрү, стикерлер, журналдын сүрөттөрү ж.б.)

Бирге эмне кылсаңыз болот: Үй-бүлө мүчөсүнө же башка өзгөчө адамдарга карточка жасоо - бул балаңызды алфавиттин бир нече тамгаларын жазууга же жөнөкөй нерселерди чиймелеп баштоого түрткү берген иш-аракет.  Бул иш кошунаңыз ооруп жаткандыктан болушу мүмкүн: "Кел, Жылдыз айымга жакын арада жакшы болуп кетүүңүздү үмүттөнөбүз деп открытка жасайлы", деп биргелешип иштей турган жерди табыңыз. Балаңыздан “Эмне деп айтсак дурус болот?” деп сурап баштасаңыз болот.  Эгер балаңыз оюн айтса, аны открыткага жазып коюңуз.  Андан кийин балаңыздан да бир нерсе жазууну сурансаңыз болот.  Бул куракта балаңыз бир нече тамганы же  ысымынын бир бөлүгүн жазышы мүмкүн.  Же биринчи өзүңүз балаңыздын атын жазып, балаңызга аны көчүрүп жазууну сунуштасаңыз, эч болбосо анын бир тамгасын көчүрүп жазса да болот.  Жыйынтыгы кандай болбосун, аны мактаңыз: «Бул Жылдыз айымды аябай кубандырат.  Ал сенин жазганыңды көрөт!  Ага сүрөт тартып бербейсиңби? ”деп сунуштаңыз.  Муну балаңыздын чеберчилигине жана кызыгуусуна ылайыкташтырыңыз.  Жөнөкөй открыткаларды тез-тез жасап туруңуз, бул көнүмүш иш-аракетке айланат (балаңызга сюрприз кылуу үчүн да  өзүңүз открытка жасап койсоңуз болот!). 

Сиз чогуу түзгөн сатып ала турган нерселердин тизмелери да жазууну жаңы үйрөнүп баштаган баланын көндүмүн бекемдөөнүн дагы бир жолу болушу мүмкүн - бир нерсени жазып, андан балаңыз ошол сөздү жазгысы келеби же башка нерсе жазгысы келешин сурасаңыз болот.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Бул балаңызга жазууну үйрөнүүгө жардам бере турган көптөгөн иш-чаралардын бири.  Сиздин балаңыз жазуунун максаты бар экендигин жана ал башкаларга ырахат тартуулап, жагымдуу иш-аракет кылаарын көрүп жатат.  Албетте, бул иш-аракет балаңыздын чыгармачылыгына түрткү берет, анткени сиз чогуу открытканы кантип кооздоп жасалгалоону ойлоносуз.