Полдун үстүндө ойнолуучу оюн
Сизге керектүү материалдар: Жер төшөк же жууркан, сүйүктүү оюнчуктар, шылдырактар.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Наристени сиз анын бутуна жете тургандай кылып жайгаштырыңыз. Буту жана манжалары менен акырын ойноп, аны акырын кытыгылаңыз. Наристенин манжасына бир-бирден тийип, ошол эле учурда: "Бул манжа ... кичинекей баш бармак / апасынын / атасынын манжасы" деп ар бир манжа тууралуу айтыңыз.
Наристе чалкасынан жатканда, наристенин жанына же артына үн чыгаруучу (эгер сизде бар болсо) оюнчукту коюңуз. Наристе үн чыккан жакты издеп жаткандыгын текшерип туруңуз. Же шылдыракты же төө буурчак салынган идишти акырын силкип, наристе аны издеп жатабы байкап көрүңүз.
Жумшак тегиз жерде, керебетте же жуурканда, чалкасынан жатканда аны менен сүйлөшүп жатып, наристенин колун жана манжаларын акырын таптаңыз же укалаңыз - мисалы, "Мына сенин колуң; мына сенин манжаларың", деп ага эмне кылып жатканыңызды айтып бериңиз. Же анын колун сылап жатып, назик ыр ырдап койсоңуз болот. Дагы бир идея - жөнөкөй оюнчукту, наристе көрө турган жерге койсоңуз болот, бирок ал ага жетпейт. Ал аракет кылабы? Оюнчукту бала карап жатканда кыймылдатып койсоңуз болот. Наристе чоңойгон сайын, оюнчукка жетүү үчүн наристеңизди оодарылууга үндөсөңүз болот.
Наристе чоңойгон сайын "жердеги убакыт" жөнүндө көптөгөн идеялар бар! Килемдин үстүнө жууркан же сүлгү жайып, башын бир жакка буруп тургандай кылып, наристени курсагына жаткырыңыз. Наристени кубаттап туруу үчүн анын жанына жатыңыз. Наристе каалаган убакытка чейин ушул абалда боло алат, бирок анын башы солго жана оңго бурулуп, болжол менен бирдей убакытта турушу керек. Кайра, наристенин алдына сүйүктүү оюнчуктарды же буюмдарды койсоңуз болот, бирок алар кичинекей баланын колуна жетпейт. Наристеңиз чоңойгон сайын,аны аларга жетүүгө жана алардын багытында жүрүүгө аракет кылууга үндөңүз.
"Курсакта жатуу убагы" физикалык өнүгүү үчүн маанилүү. Наристеңиз курсагында жаткан убактысы күн сайын бир аз узагыраак болуп турушу керек. Наристени байкап туруңуз, эгерде ал бетин жерге түз буруп алса, наристени акырын кыймылдатыңыз, анткени дем алуусу кыйындашы мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен күч алган сайын, бала башын көтөрүп, колу менен түртүнүп бир аз көтөрүлө алат. Бул кыймылдар кийин тоголонууга жана жөрмөлөгөнгө өсөт.
Наристеңиз эмнени үйрөнүп жатат: Бул жөнөкөй оюндарды колдонуп, наристеңизге жагымдуу, кубанычтуу шарттарды түзүп бере турган сонун мүмкүнчүлүк. Бул оюндардын учурунда наристеңиз денесинин жана башынын кыймылын изилдөөнү жана башкарууну үйрөнөт. Наристеңиз башын көтөрүп, колдору менен өзүн көтөрө алат.