Рифмалар

Сизге: көңүлдүү маанай керек!

Оюндун маңызы эмнеде: бул көнүгүүнү аткаруу үчүн балаңызды өзүнүн керебетине же чоң керебетке окшогон жумшак жерге чалкасынан жаткыруу керек. Бул көнүгүүнү жалаякты алмаштырганда, бул ишти көңүлдүү кылуу үчүн аткарууга болот.

Ымыркайлар төрөлгөндө 20-30 сантиметр аралыкта гана көрө алышат, андыктан алгач баланын бетинен ушунчалык аралыкта жасаңыз. Аны менен акырын сүйлөшүп, көңүлүн буруңуз. Балаңыздын көңүлү сизге бурулганда, ага жөнөкөй ырды айтып бериңиз. Сиз билген ар кандай ырларды кезектештирип айтууга болот, мисалы, күн сайын же жалаякты алмаштырган сайын.

Шалтай-Болтай (С. Маршактын котормосундагы англис ыры)

Шалтай-Болтай

Дубалда отурган.

Шалтай-Болтай

Уктап жатып кулап түштү.                                                                                                                                                Падышанын атчан аскери,

Падышанын кошууну,

Щалтайды,

Болтайды,

Шалтайды

Болтайды

Болтайды-Шалтайды

Шалтай-Болтайды

Чогулта албай жатышат!

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул жагымдуу көнүгүү кичинекей балаңызга үндүн кайдан келип жаткандыгын түшүнүүгө, башын бурууга жана башка адамдардын үнүнө реакция кылууга жардам берет.