Рок-жылдыз
Сизге: пластик табак же мискей; жыгач же пластик кашык керек.
Оюндун маңызы эмнеде: биринчи кезекте балаңыз менен ойной турган жерди даярдаңыз. Балаңызды маңдайыңызга отургучка же жерге, жаздыкка жөлөп отургузуңуз.
Алгач балаңызга материалдарды көрсөтүңүз, аларды колу менен кармап, өздөштүрүүгө мүмкүндүк бериңиз. Андан кийин сизге жаккан ырды ырдап, кашыктардын бири менен табакты же мискейди уруп, үндөрдү чыгарыңыз. Балаңыздын көңүлүн бурганыңызды көргөндө, ага кашык берип, сиз менен ызы-чуу кылууну сунуштаңыз. Анын колун кармап, кыймыл-аракеттерди кайталоого жардам берсеңиз болот, андан кийин өз алдынча жасоого аракет кылып көрсүн.
Көнүгүү учурунда балаңызды сөз менен же кол чабуу менен кубаттап, жылмайып коюңуз, бул балага кайталоого дем берет.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүү менен сиз балаңызга кыймыл-аракетти жана мимиканы кайталоого жардам бересиз, бул социалдык көндүмдөрдүн өнүгүшүнө түрткү берет.