Сцена коебуз

Сизге: көңүлдүү маанай керек!  

Оюндун маңызы эмнеде: театрлаштырылган сценаны ойлонуштуруңуз. Сүйүктүү пьесалардан, кинолордон же китептерден илхам алыңыз. Сюжеттерди коюуга же белгилүү каармандар үчүн кызыктуу жаңы укмуштуу окуяларды жаратууга болот. Сюжеттик линияны кармануу менен сценарий жазуу же импровизация кылуу жөнүндө сүйлөшүп алууга болот. Эгер сиз моно-сцена уюштуруп жатсаңыз, анда бала сүйүктүү чыгармасын (же фрагментин) жаттап, аны көрүүчүлөрдүн алдында ойной алат. Көрүүчүлөрдү таасирлентүү үчүн жакшылап машыккыла. Сценаны кантип сунуштоо жөнүндө ойлонууну унутпаңыз! Үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүн же досторуңузду шоуга чакырып, аларга импровизацияланган сахнаңыздын алдында орун бериңиз.

Кызыктуу маалымат: Шекспирдин убагында Англияда аялдарга сахнага чыгууга тыюу салынган. Аялдардын ролун эркек балдар жана эркектер аткарышкан!

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бардык чоңдордун көңүлү балдарга бурулган учур балдарга жашоонун башка тармактарында ийгилик жана ишеним көндүмдөрүн иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Балдарга көңүл борборунда болууга мүмкүнчүлүк берилгенде, алар өздөрүн күтүлбөгөн мүнөздө көрсөтүшөт — жөн гана эс алып, алардын чыгармачыл ийгилигин байкаңыз.