Себеттеги топ
Сизге керектүү материалдар: Бир жумшак топ, бирок тоголок кылып байпакты дагы колдонсо болот; чоң коробка же кир жуугуч идиш, же чоң себет.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Коробканы же себетти бөлмөгө коюп, андан бир аз алыстыкта туруңуз. Балаңыздын көңүлүн буруу үчүн, топту биринчилерден болуп себетке ыргытып, кубанычтуу шаң менен коштосоңуз болот. Оңой болуш үчүн, жакын туруңуз. Ал кызыгып калса, өзү ыргытып көрсүн. Ушул мезгилде кээ бир балдар үчүн топту себетке ыргытып салуу өтө эле оор болушу мүмкүн. Себетке ыргытуу ийгиликтүү болбосо дагы, бул иштин баалуулугу жана ырахаты ыргытуу кыймылын жасоодо. Ар бир аракетин мактоо, жылмаюу, кол чабуулар жана бекемдөө менен сыйлаңыз. Кезектешип ыргытканга аракет кылыңыз ("Эми менин кезегим келди! Эми сага кезек келди!" десеңиз болот, же, мисалы,"Аябай алыска ыргыттың! Топ дивандын үстүнө түштү; кел, аны алалы! " деңиз) жана жыйынтыгына карабастан ар бир аракети үчүн кубатаңыз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Балаңыз кыймыл-аракетиңизди туурап, кыймыл-аракетти координациялоону өркүндөтөт. Бала сиз менен ойноп "менин кезегим" деген түшүнүктү дагы үйрөнөт.