Секирүү
Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе
Бирге эмне кылсаңыз болот: Бир аз секире турган убак келди. Ымыркайды жумшак жердин үстүнө коюп (матрац же башка жумшак жер, же тизеңизге), түз калыпта колунан кармап туруу керек. Бири-бириңизге каршы тургандай кылып, аны өзүңүздү каратып буруңуз жана бул оюндун сизге канчалык деңгээлде жагарын көрсөтүңүз. Анын реакциясын байкаңыз. Бул курактагы балаңыздын буттары дагы деле анын салмагын көтөрө албайт, андыктан ага толук таянышына жол бербеңиз, ал буттарын серпип жатканда аны жакшы кармашыңыз керек. Ал жылмайып, кыңылдап же кубанычын көрсөткөнчө, ушул "секирүүнү" кайталаңыз. Сиз наристени секирткенче, сүйлөп же ырдаңыз (мисалы, "өйдө көтөрүлөбүз, ылдый түшөбүз" деп же бөбөк ырын ырдап берсеңиз болот).
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат : Бул иш-аракет балаңыздын кийинчерээк сүйлөөсүн жана тилин өнүктүрүүгө жардам берет жана бул аябай көңүлдүү!