Сен ага жете аласың

Сизге керектүү материалдар: Жумшак жана түстүү оюнчук

Бирге эмне кылсаңыз болот: Биринчи кезекте, ымыркайыңыз машыгып жаткан жумшак жерде анын көңүлүн алагды кыла турган нерселер болбошу керек. Эми аны көмкөрөсүнөн жаткырыңыз, өзүңүз анын бут жагына тизелеп отуруңуз.

Анын алдына жумшак, түстүү оюнчукту коюп, ал оюнчукту тиктеп карагандай кылып, ымыркайыңыздын көңүлүн буруңуз. Аны көңүлүн буруу үчүн оюнчукту бир аз жылдырсаңыз болот.

Оюнчукту көргөндө, ымыркай ага жетүүгө, башын кыймылдатып, колун сунууга аракет кылат. Эгер ымыркайыңыз өтө кичинекей болсо, анда анын башын жана колдорун кыймылдатуу аракетин гана көрө аласыз.

Бул көнүгүүнү эртең менен жана түштөн кийин кайталаңыз, жумалар өткөн сайын татаалдаштырсаңыз  болот. Ымыркай башын кыймылдатып, оюнчукка жетүү үчүн колун сунуп жаткандыгын көргөндө, ал күч менен тартынгыдай кылып, бутун акырын кармаңыз.

Ымыркай назик экендигин унутпаңыз, андыктан сиз ага зыян келтирбөө үчүн ага аяр мамиле жасаңыз. Балаңыздын чарчаганын байкасаңыз, оюнду токтотуңуз.

Күч жана булчуң тонусун арттырган көнүгүүлөр мээнин өнүгүшүн жеңилдетет, бул сиздин балаңыздын кыймыл-аракетин көзөмөлдөөгө жардам берет. Түстүү нерсени колдонуу менен, ымыркайыңыздын көрүү сезимин ойготосуз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул жеңил көнүгүү менен, сиз ымыркайыңызга булчуң тонусун өстүрүүгө жардам берип, андан кийин отуруп, жөрмөлөп, басканды жеңилдетесиз. Жалпы моториканы өнүктүрүүнүн эң маанилүү аспектилеринин бири, ымыркайыңызга кыймыл-аракетин жасоого жана дүйнө менен тез таанышууга жардам берет.