Сен эмнени тандайсың?

Сизге: жакшы маанай керек!  

Оюндун маңызы эмнеде: бул көнүгүүдө кезектешип суроолорду берип, жооп бересиңер! Ар бир суроо үчүн балдар артыкчылыктуу вариантты тандап, эмне үчүн аларга жаккандыгын түшүндүрүшү керек. Төмөндөгү мисалдардан баштап, андан кийин өзүңүз ойлоп табууга аракет кылсаңыз болот.

  • Эмнени тандайсың — сүйүктүү ысык тамагыңды муздак түрдөбү же сүйүктүү муздак тамакты ысык түрдөбү?
  • Эмнени тандайсың — бардык жыттарды даана сезгендиби же такыр жыт сезбегендиби?
  • Эмнени тандайсың — өтө чоң бут кийм кийгендиби же кичинекей бут кийим кийгендиби?
  • Эмнени тандайсың - өтө ысык болгондубу же суук болгондубу?
  • Эмнени тандайсың - ар бир колдо алты манжа болушунбу же ар бир бутта алты манжа болушунбу?
  • Эмнени тандайсың – тилиңдин жыландыкындай болушунбу же мышыктыкы сыяктуу болушунбу?
  • Эмнени тандайсың — канаттуулардай учуунубу же суу астында балыктай дем алуунубу?
  • Эмнени тандайсың — көрүнбөгөн чапандыбы же убакытты токтото турган сааттыбы?
  • Эмнени тандайсың — шыбырап сүйлөшкөндүбү же кыйкырып гана сүйлөшкөндүбү?
  • Эмнени тандайсың — сууну башкаркандыбы же отту башкаргандыбы?

Кимдин жообу көбүрөөк көңүлдүү болот деп жарышууга болот!

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү көнүгүүсү! Балдар таң калыштуу сценарийлерге туш болуу менен чечим кабыл алуу көндүмдөрүн жакшыртат, чечим кабыл алуу үчүн аргументтерди колдонуп, өз тандоосун негиздөөгө үйрөнүшөт. Эң негизгиси жооптор фантастикалуу болушу мүмкүн!