Сезимдерди бөлүшүү
Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта балаңыз дагы көптөгөн эмоцияларды көрсөтүп жатат. Күн сайын балаңыздын толкундануусун, капаланганын, коркконун же тынчсызданганын ж.б. байкайсыз. Ушул мезгилдерде ал эмнени сезип жаткандыгын байкап, айта аласыз: «Сен кубанып жаткандайсың. Менимче, чоң энеге барганы жатканыбызга кубанып жатасың». Же болбосо, “Биз бүгүн сыртта ойной албаганыбызга капа болуп жатканыңы көрүп жатам. Кел, жамгыр токтогонго чейин үйдө ойной турган оюн табалы", деңиз. Балаңыз башкалардын сезимдерин байкашы мүмкүн. Балаңыз ал эмнени сезип жатканын айта албаса да, жардам бере аласыз: -Ооба, сен карындашыңдын аябай капаланганын көрүп турасың. Ал ыйлап жатат. Ага сооронгонго жардам бере аласыңбы?" , деп сураңыз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Балаңыздын сезимдерин байкап, аны кабыл алып, сүйлөшкөндө, ал аларды толук түшүнүп, билдире баштайт. Эмоционалдык өнүгүү ушул куракта маанилүү. Башкаларга боор ооруу да бул нерсенин бир бөлүгү. Балаңызга башкалардын сезимдерин байкап, кам көрүүгө жардам берүү менен, сиз балаңызга камкор адам болууга жардам бересиз.