Сезимдерди көрсөтүү
Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе
Бирге эмне кылсаңыз болот: Иш-аракетти баштаардан мурун, наристеңиз менен чогуу колдоно турган жерди даярдап алыңыз. Наристеңизди ыңгайлуу жайга, отургучка же тизеңизге отургузсаңыз болот. Бул нерсени жалаягын алмаштырганда же жуунтуп жатканда жасай аласыз.
Наристеңизге кубаныч, бейпилдик, сыймыктануу, көңүл ачуу, таң калуу, сүйүү, көзүн, оозун ачуу, кашын көтөрүү, өбүү, эркелетүү, кучакташуу сезимдерин чагылдырган оюндарды баштаңыз. / ж.б.у.с. жана үндөрдү кошуңуз, наристеңиз аларды аныктап, мээримин төгө алат. Сезимдерди акырындык менен көрсөтүңүз жана алардын ар бирине наристеңиздин реакциясын күтүңүз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул иш-аракет менен сиз наристеңизге башкалардагы сезимдерди таанып, аларга жооп берүүгө үйрөтөсүз.