Шарадалар
Сизге: калемсап же калем, кагаз, секундомер керек.
Оюндун маңызы эмнеде: бул чоңураак балдар үчүн оюн. Аларды эки командага бөлүңүз (А жана Б), балдар өз командасынын атын ойлоп табышсын. Ар бирине сырдуу шараданы жазыш үчүн кагаз тилкесин бериңиз, эгерде командаларда оюнчулар аз болсо, анда ар бири бир нече табышмак жазсын. Каалаган нерсени — китептердин, фильмдердин же ырлардын аталыштарын, иш-аракеттерди же жөнөкөй сөздөрдү жана буюмдарды табышмак кылууга болот. Андан кийин Б командасы алып чыгуу үчүн А командасынын табышмактарын шляпага же баштыкка салыңыз жана тескерисинче.
А командасынан тандалган оюнчу шляпадан шараданы алып чыгат жана эч нерсе айтпастан, анын командасы сөздү же фразаны тапкандай кылышы керек. Сөздү муундарга бөлүп, кол жаңсоолорун жана пантомиманы колдонсо болот, бирок үн чыгарууга болбойт. Алакан чапса болот, бирок, мисалы, кой сыяктуу маараганга болбойт.
Шараданы табуу үчүн убакытты чектөөгө болот же башка команда таппай калса, упайлар берилбейт жана Б командасына шараданы тандоо үчүн кезек берилет. Ар бир туура жооп үчүн команда бир упай алат — беш упай топтогон команда жеңишке жетет! Кичинекей балдар үчүн бардык идеяларды бир баштыкка салып, командаларга бөлбөстөн, жалпы топ менен ойноого болот. Туура тапкан бала кийинки шараданы көрсөтүшү керек.
Кызыктуу факт: жаңсоо — баарлашуунун эң алгачкы формаларынын бири экендигин билдиңиз беле? Сүйлөшүү тили пайда болгонго чейин алгачкы адамдар баарлашуу үчүн жаңсоолорду колдонушкан!
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул бардык курактагы балдардын компаниялары үчүн классикалык оюн. Оюндун максаты − идеяларды сөзү жок жеткирүү, бул балдардын вербалдык эмес баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү ыкмасы жана абдан көңүлдүү экени белгилүү! Оюнду ар кандай курактагы балдарга ылайыкташтыруу оңой, анткени командалар өзүдөрү ойношу керек болгон сөздөрдү же фразаларды ойлоп тапкан курдаш балдардан турат. Достук мелдеш кимге жакпасын?