Шляпаны чеч
Сизге керектүү материалдар: Ар кандай көлөмдөгү же формадагы ар кандай баш кийимдер; отургуч.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Наристеңизди отургучка же ыңгайлуу жерге отургузуңуз. Аны жерге отургузуп, өзүңүз алдына отуруп, оюнду башташаңыз болот.
Алгач баш кийимиңизди кийип, ага: "Апакеңдин шляпасын карачы!" деп айтыңыз. "Бул шляпа" деп ошол көрсөтмө менен баш кийимиңизди чечип, ага: “эми сенин кезегиң”, - деп айтыңыз.
Шляпаны балаңыздын башына кийгизип, ага "эми өзүң чечип ал" деңиз, шляпаны кантип алып салуу керек экендигин туурасаңыз болот. Ушул жашта анын аракеттерин белгилөө керек. Ал баш кийимин чечип жатканда, кол чаап же "Азамат!" деп айта аласыз. Дагы бир ыкма, сиздеги жана балаңыздагы шляпаны экөөңүздөр бир эле убакта чечип алсаңар болот, же ал сизден, сиз андан тартып алышыңар мүмкүн.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул оюн кичинекей балаңызга моторикалык кыймылын күчөтүүгө, социалдык өз ара аракеттенүүгө жана тилдик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет, . Балаңыз эч кандай колдоосу жок отурганды үйрөнөт.