Шыптагы фигуралар

Сизге керектүү материалдар: Ымыркайды жаткыруу үчүн жалаякты алмаштыруучу столдун бети же дагы башка тегиз жай; Үйлөмө топ же шыптан айланган жаркыраган уюлдук телефондор; Түстүү кагаз фигуралар; Маска лента / скотч.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ымыркай кичинекей кезинде, сиз ар кандай учурдан пайдаланып, ага дем берип, анын шык-жөндөмүн өркүндөтүшүңүз керек. Бул жолу сиз ымыркайга моториканы өнүктүрүүгө жардам бересиз.

Ымыркайыңыздын жалаягын алмаштырган жайдын жогору жагына үйлөмө топту, айланган жаркыраган уюлдук телефондорду же түстүү кагаздан жасалган фигураларды асып койсоңуз болот. Бул колуңуз тийип, бирок балаңыз жетпей турган аралыкта илиниши керек.

Эгерде сиздин ымыркайыңыз эки айга толо элек болсо, анда ымыркайыңыз менен мобилдик телефондун ортосуна 30 см алыстыкта илип койгонуңуз оң. Эгер ымыркайыңыз бир аз чоңойсо, анда сиз 90 см аралыкта илип койсоңуз болот.

Жалаякты алмаштырууга убакыт келди! Ымыркайыңызды кийимин алмаштыруучу столдун үстүнө жаткырыңыз жана анын көңүлүн илинип турган нерсеге буруңуз. Жалаякты алмаштыра баштаганда, аны бир аз карап туруңуз. Топту, айланган жаркыраган телефондорду же фигураларды бир аз кыймылдатып, анын реакциясын байкаңыз.

Ымыркайыңыз аябай суктанат жана ага жетүүгө аракет кылат. Ага аракет кылууга мүмкүнчүлүк бериңиз жана аракет кылганы үчүн балаңызды мактаңыз.

Жалаякты алмаштырып бүткөндөн кийин, ымыркайыңызды колуңузга алып, илинген нерселерге жакындатыңыз. Ымыркай ага тийип, ар тараптан карасын.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Бул көнүгүү менен ымыркай моюн, баш, дене жана колдун булчуңдарын чыңдайт, бул убакыт келип жеткенде эмгектеп жүрүүгө жардам берет. Ошондой эле, ымыркайдын көрүү сезимин, концентрациясын жана чыгармачылыгын арттырат.