Скарлатина
Скарлатина жөнүндө
Скарлатина - бул балада Streptococcus pyogens (А тобунун стрептери) козгогон инфекция болгондо пайда боло турган типтүү исиркектер менен мүнөздөлүүчү оору. Бул көбүнчө тамак оорусу, бирок кээде тери инфекциясы болушу мүмкүн. Скарлатина белгилери бактериялар баланын денесине тараган ууларды бөлүп чыгарганда өнүгөт.
А группасындагы бактериялар адамдан адамга чүчкүрүү, жөтөлүү же тери инфекциясы бар адамдын жарасына тийүү аркылуу жугушу мүмкүн.
Скарлатинанын симптомдору
Скарлатина менен ооруган балдар дээрлик дайыма:
- тамактын оорушу
- бүдүрчөлөр
- моюндагы ооруксунган жана шишиген лимфа бездери
- дене табынын жогорулашы\калтыроо
- кусуу
Бүдүрчө
Бүдүрчө күндөн болгон күйүккө окшош жана кумдуу кагаздай сезилет. Ал адатта бетте же моюндан башталып, денеге, колго жана буттарга жайылат. Эгерде кызарган терини басып көрө турган болсо, анда ал кубарып кетет.
Чурайдагы, колтуктардын, чыканактардын, тизелердин жана моюндун тегерегиндеги теринин бүктөмдөрү көбүнчө айланадагы бүдүрлөргө караганда кыйла кызарып калат.
Жүзү болсо шакек сымал оозунун тегереги кубарып, калган жери кызарып көрүнүшү мүмкүн
Балдардын тили да ачык кызылга айланышы мүмкүн. Бул кээде "дан куурай тил" деп аталат.
Инфекция өтүп кеткенден кийин баланын териси адатта бут жана колунун манжаларынын учунда түлөшү мүмкүн.
Эгерде балаңыз скарлатина оорусуна чалдыкса, анда ал туура дарылануудан кийин 1-2 күнгө чейин гана жугуштуу болот. Бирок ал дарыланбаса 10-21 күнгө чейин жугуштуу болушу мүмкүн.
Балаңызда скарлатина симптомдору болсо дарыгерге кайрылуу керекпи?
Ооба. Эгерде балаңыз скарлатина оорусунун симптомдору көрүнүп жатса, анда сиз балаңызды дарыгерге алып барышыңыз керек.
Скарлатина үчүн тесттер
Үй-бүлөлүк дарыгер балаңызда Streptococcus pyogens инфекциясы бар экенин ырастоо үчүн тамагынан сүртүндү алышы мүмкүн.
Скарлатинаны дарылоо
Өз алдынча дарыланууга такыр тыюу салынат, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл.
Скарлатинаны дарылоо пенициллин тобундагы бактерияга каршы дары каражаттарын туура жана өз учурунда дайындоодо турат. Үй-бүлөлүк дарыгер менен макулдашпастан антибактериялык дары каражаттарын берүүгө тыюу салынат.
Дарылангандан кийин балаңыз 24-48 сааттын ичинде жакшы болуп кетет.
Скарлатина оорусунун татаалдашуусу
Эгерде дарыланбаса, инфекциянын бул түрү Streptococcuspyogens инфекциясы сыяктуу оордошууларга, ал эми кээде ревматизм калтыратмасы жана бөйрөктүн жабыркашы (гломерулонефрит) сыяктуу кыйла узакка созулган оордошууларга алып келиши мүмкүн.
Скарлатинанын алдын алуу
Скарлатина оорусуна каршы эмдөө жок.
А тобундагы стрептококк бактерияларынын таралышын алдын алуу үчүн сиз, балаңыз жана башка үй-бүлө мүчөлөрү колду дайыма самындуу жылуу суу менен жууп турушуңуздар керек. Баарыңар колуңарды көз, мурун жана ооздон алыс кармаганга аракет кылууга тийишсиңер.