Сыйкырдуу кулак
Сизге: шылдырактар, коңгуроо, музыка, маракас керек.
Оюндун маңызы эмнеде: балаңызды түз жерге бетин ылдый каратып жаткырыңыз жана үн чыгарган оюнчуктар менен кезек-кезеги менен ойноңуз. Балаңыздын оң жагындагы оюнчуктардын бирин көрө ала тургандай жерде шылдыратыңыз — бул анын үн угулган жакка бурулушуна түрткү берет.
Бул көнүгүүнү жылуу сөздөр менен коштоп, бир нече мүнөт жасаңыз. Балаңызды колго алып, кол чапканга жардам берсеңиз болот. Ошентип, бала кыймыл-аракети менен өзү чыгарган үндү уга алат.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул аракетттин максаты — үндөрдүн жардамы менен угуунун өнүгүшүн стимулдаштыруу.