Табигый искусство

Сизге: табигый материалдар, мисалы, бутактар, жалбырактар, кургак гүлдөр, кабык, жүзүм сабагы, карагай тобурчактары, майда таштар, желуддар, машак керек.

Оюндун маңызы эмнеде: кызыктуу табигый материалдарды издөө үчүн балаңыз же балдарыңыз менен бакчага же жергиликтүү паркка барыңыз. Бутактар, жалбырактар, кургак гүлдөр жана кабыктын бөлүктөрү — табигый чыгармачылык үчүн эң сонун вариант, бирок башка материалдарды — куштун канаттарын, жүзүмдүн сабагын, карагайдын тобурчактарын, майда таштарды, жаңгактын кабыгын, кичинекей бутактарды жана каштандарды издеп, колдонушсун. Баары чогулгандан кийин табылгаларды балдардын алдына коюп, булардан эмне жасаса болорун ойлонгула. Скульптура жасоо үчүн бардыгын чогултуп же байлоого болот, жалбырактар менен бетин же адамдын сөлөкөтүн жасоо же түстүү коллаж болгондой кылып буюмдарды жайгаштырууга болот. Балким алар көлөмдүү картина жасоо же куттуктоо баракчасын кооздоо үчүн табылгаларын үйгө алып кетүүнү каалашаттыр? Табигый материалдар чыгармачылык үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул иште эң негизгиси — ырахат алуу жана чыгармачылык мамиле!

Күз табигый чыгармачылык үчүн эң ылайыктуу — кичинекей балаңызга чогултуп жана ар кандай жолдор менен колдонула турган түстүү жалбырактардын түрлөрүн көрсөтүңүз!

Мында бала эмнеге үйрөнөт: табигый чөйрөнү өздөштүрүү —  балдар үчүн бир катар жаңы сезимдерди ачуунун мыкты ыкмасы, ошондой эле алар чогултууга, изилдөөгө, тартууга жана колдонууга боло турган ар кандай жаратылыш байлыктарын табышат! Табигый материалдарды издөө, чогултуу менен алектенгенине жараша алар мотор көндүмдөрүн чыңдашат, ар кандай түстөрдү, фактураларды жана формаларды түшүнүшөт. Бул ошондой эле элестетүүнүн өнүгүшүнө түрткү берет жана чыгармачылыкка кызыгууну күчөтөт. Эң негизгиси —  кемчиликсиз көркөм чыгармаларды жаратуу эмес, процесстен ырахат алуу, андыктан жетекчилик кылбаңыз, биргелешип жараткыла!