Тамак менен ойноо
Эмне үчүн балдар тамакты чачып жешет?
Балдар тамактанууну үйрөнүп жаткан учурда өнүгүү этаптарынан өтүшөт. Адегенде алар тамакты кашык менен же колдору менен алып, катуу тамактарды жегенди үйрөнүшөт. Андан кийин алар кашык, аш айры жана чөйчөктөрдү колдонуу менен тамактанууга өтүшөт.
Балдар тамакты чачпай, оозго салууну үйрөнүү үчун балдарга тажрыйба жана булчуңдарды координациялоого көп убакыт талап кылынат. Ошол үчүн бала тамак жеп жатканда жолдон бир нече ирет төгүлөөрүн күтө берсеңиз болот!
Тамак менен ойноо
Тамакты чачпай жеш үчүн зарыл болгон мотордук көндүмдөрү пайда болсо дагы, кичинекей балдар эксперимент кылганды жана өздөрүнүн тамагы менен ойногонду жакшы көрүшөт.
Негизи тамак менен ойноо - бул балдардын майда моторикасын өнүктүрүү ыкмаларынын бири. Ал эми тааныш эмес тамак-аштар менен ойноо балдарга бул жаңы тамактардын даамын татып көрүүгө жардам берет.
Тамактын формасын, түсүн жана текстурасын изилдөө балдарга өз дүйнөсүн таанып билүүгө жардам берет. Мисалы, бул жерде балаңыз тамак менен ойноп үйрөнө турган таң калычтуу нерселердин айрымдары:
- Тамакты, идишти жерге таштоо жана ага байкоо жүргүзүү.
- Тамакты колго мыкчуу жана аны табакка сүйкөө.
- Тамакты табакка кайра салуу жана аралаштыруу.
Эгерде сиз балаңыздын эмне үчүн тамак-аш менен ойноп жатканын түшүнсөңүз, бул балаңыздын тамактануудагы туура көндүмдөрүнүн калыптанышына жардам берет.
Тамактануу көндүмдөрүнө баланы үйрөтүү үчүн эмне кылсаңыз болот?
Кичине балдардын көбү колдоруна тамакты сыгышат, тамакты жана табактарды жерге ыргытышат, атайылап тамакты чачып же тамактан баш тартышат.
Мына тамактануу убактысын кыскартууга жана стрессти азыраак кылууга жардам бере турган бир нече идеялар:
- Тамак-аш азыктарын тилке кылып туураңыз, балаңызга кашык же ашык айрыдан көрө колу менен тамак жегенге мүмкүнчүлүк бериңиз. Тамактанууну үйрөнүүнүн алгачкы күндөрүндө, мындай ыкманы колдонуу балаңыз үчүн жеңил болот.
- Балаңызды тамакты чачпай жеп жаткан аракети үчүн мактаңыз. Баарынан жакшысы балага, анын кайсыны туура жасап жатканын, мисалы, «Мага сенин бананды оозуңа салып жатканың жагат» деген сыяктуу сөздөрдү айтуу.
- Эгерде бала чоңураак болсо анда аны дасторконду даярдашууга үйрөтүңүз. Эгерде бала тамак даярдашууга жардам берсе анда ал аны төгүп-чачууга азыраак катышат.
Чогуу отуруп, үй-бүлөңүздүн баары менен тамактануу убактысын бөлүшүңүз
- Бул балаңызга тамакты кантип туура жей турганды жана дасторкондо отурганда өзүн кантип алып жүрүүнү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок бул көндүмдөрдү үйрөнүү үчүн балаңызга убакыт керек экенин унутпаңыз.
Тамак менен эксперимент жасоо мамилесине карата сабырдуулукту жана чыдамкайлыкты сактаңыз. Бул сизге жана балаңызга тамактан көбүрөөк канагаттанууга жардам берет.
Балаңыз тамак жеп жатканда, анын айланасына пластик же гезит салып койсоңуз, сизге чачылган тамак-ашты тазалоого оңой болот. Сиз ошондой эле кийимди жана боркокту таза кармоо үчүн тамак ичүүдө башка кийимди колдонуп көрсөңүз болот.
Ата-энелерден бала тамактануу көндүмдөрүн өздөштүргөнчө чыдамкайлык жана көп убакыт, күч талап кылынат.