Тапканга аракет кыл!

Сизге: балаңыз үчүн кичинекей оюнчуктар, мисалы, топ, аюу же куурчак керек.

Оюндун маңызы эмнеде: оюнду баштаардан мурда ойной турган жерди даярдаңыз. Кичинекей балаңыздын жанына полго отуруп, кичинекей оюнчукту алыңыз жана аны менен ушул буюм жөнүндө сүйлөшүңүз. Андан кийин оюнчукту, мисалы, отургучка же столго жашырыңыз. Балаңыздан: “Оюнчугуң кайда?” деп сураңыз. Андан кийин аны менен оюнчукту издеп, табылаар замат: “Мына ал!” деп айтыңыз. Ар бир жолу оюнчукту жаңы жерге жашырып, кичинекей баланы эмоционалдык жактан кубаттап көнүгүүнү улантыңыз.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бала оюнчукту издеп тапканда логикалык ой жүгүртүү жана визуалдык кабылдоо жөндөмдөрүн өрчүтүүгө түрткү берет, баланын оң эмоцияларын калыптандырат.