Тегеренебиз

Сизге: жакшы маанай керек!

Оюндун маңызы эмнеде: бала менен тегеренүү анын мейкиндикти түшүнүүсү жана тең салмактуулук сезимин өрчүтүү үчүн пайдалуу.

Бул аракет үчүн бир нерсеге чалынуу же урунуп алуу коркунучу болбогон ачык мейкиндикти табуу керек.

Ылайыктуу жер табылганда баштоого болот. Балаңыз менен ар башкача тегеренүүгө аракет кылыңыз. Кичинекей тыныгуудан кийин кайрадан тегеренип баштаган сайын абалды өзгөртө аласыз:

  • Баланы башын көтөрүп, жаткан абалда колуңузга кармаңыз.
  • Анын далысын өзүңүзгө каратып, жай тегерениңиз.
  • Балаңыздын бети сизди карагандай кылып кармап, тегерениңиз.

Жай тегеренген учурда бул иш-аракет ого бетер назик жана жакын болушу үчүн балаңызга бешик ырларын ырдасаңыз болот.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: Дүйнөнү ар кандай абалда көрүү кол менен көздүн координациясын жана тең салмактуулугун өрчүтүүгө жардам берет, бул жөрмөлөөгө жана басууга үйрөнүү үчүн керек.