Топтор менен ойноо

Топтор менен ойноо

Сизге: ар кандай көлөмдөгү топтор керек.

Оюндун маңызы эмнеде: оюнду баштаардан мурда ойной турган жерди даярдаңыз. Балаңызды ыңгайлуу болуш үчүн отургучка же маңдайыңызга килемге отургузуңуз.

Баланын алдына эки топту коюңуз жана ага топторду бир-бирден көрсөтүңүз. Аларды кармап, карап көрсүн, өздөштүрсүн. Андан кийин ага топту бир колуна берип, топту бир колдон экинчи колго кантип өткөрүү керек экендигин көрсөтүңүз. Эми бала да ушундай кылууга аракет кылсын.

Эгер сизде топ жок болсо, ар кандай кичинекей оюнчукту колдонсоңуз болот. Эсиңизде болсун, кичинекей балаңыз бардыгын оозуна салышы мүмкүн, андыктан сиз колдонгон нерселердин бардыгы таза жана чоң болушу керек.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүү менен бала оюнчуктарды бир колунан экинчи колуна акырын жана аңдап-түшүнүү менен өткөрүүгө үйрөнөт.