Топту кара
Сизге керектүү материалдар: Топ, төшөк
Бирге эмне кылсаңыз болот: Бул кызыктуу көнүгүүнү жасоо үчүн, биринчи тиешелүү жерди даярдашыңыз керек. Эч нерсе жолтоо болбой турган бөлмөнү тандап, төшөктү жерге же чоң керебетке жайыңыз. Андан кийин ымыркайыңызды көмкөрөсүнөн, башкача айтканда, төшөккө курсагы менен жаткырыңыз. Кичинекей ымыркайыңыздын алдына тоскоолдук жаратыш үчүн, буттарыңызды эки жакка сунуп, алды жагына отуруңуз.
Эми кичинекей ымыркайыңыздын көңүлүн буруу үчүн аны менен сүйлөшүңүз, топту алып, ага көрсөтүп, жерге коюңуз. Кичинекей ымыркайыңыз көзү менен топту ээрчип карашы үчүн, топту бир капталдан экинчи жагына акырын жылдырыңыз. Беш мүнөттөй же балаңыздын чарчаганын сезгенче улантыңыз. Эгерде сиздин кичинекейиңиз башын көтөрө албаса, анда ага топту төмөндөн өйдө карай жылдырып, акырындык менен көрсөтсөңүз, башын көтөрүп, топту көзү менен ээрчип кароого жетиштүү күчкө ээ.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Келечекте окуу жана жазуу сыяктуу кол менен көздүн координациялык тапшырмаларын аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү: кароо, кыймылдап жаткан буюмдардын артынан ээрчүү жөндөмүн өрчүтүп, кичинекей ымыркайыңыздын булчуңдарын чыңдап, алардын көздөрүнүн көрүүсүн күчөтөт.