Туннелдеги саякат!
Сизге: баладан бир аз чоңураак картон куту керек.
Оюндун маңызы эмнеде: балаңыздан бир аз чоңураак картон кутуну табыңыз — ал ага оңой батышы керек.
Туннель жасоо үчүн кутучанын капталдарын кесип салыңыз. Баланы коробканын (туннелдин!) бир жагына жерге отургузуңуз. Экинчи жагына өзүңүз отуруп, балаңыз кутунун ичинен жөрмөлөп өтүш үчүн үн чыгаруу жана жаңсоолор менен чакырыңыз. Эгер ага жардам керек болсо, анын колун кармап, акырын өз жагыңызга тартыңыз. Бир нече жолу кайталаңыз.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүү менен балаңыз ири моторикасын жана кыймыл-аракетти координациялоону бекемдейт. Жана бул көнүгүү ага жаңы сезимдерди изилдөөгө жана ачууга мүмкүндүк берет, анын ой жүгүртүү, мейкиндикти кабыл алуу жана милдеттерди аткаруу жөндөмдөрүн стимулдайт.