Түстөргө аңчылык

Сизге керектүү материалдар: Ар түрдүү түстөгү кичинекей нерселер (мисалы, кызыл же кызгылт сары түстөгү байпак)

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңызды "Түстөргө аңчылык" оюнун ойноого чакырыңыз. «Карачы!  Мынакей кызыл байпак.  Кызыл түстөгү дагы бир нерселерди таба аласыңбы? Кел, чогуу карап көрөлү!" деп айтыңыз.  Үйүңүздүн ар кайсы жерлерин кыдырып, "аңчылык" кылыңыз. Түстөрдү билдирген сөздөрдү көп колдонуңуз.  

Кийинчерээк, башка түстөгү нерселерди издеп, түстөргө аңчылык кылуу ишин улантыңыз.  Балаңыз көбүрөөк түстөрдү үйрөнүп жаткандыктан, сыя, кызгылт сары, күрөң түстөрдү кошуңуз.  Ал көбүрөөк билген сайын, балаңыздан белгилүү бир түстөгү буюмдарды, башка ошол түстөгү буюм менен салыштырбай эле, табышын же балаңыздан кайсы түстү издегиси келип жаткандыгын сурасаңыз болот. 

Бул оюндан тышкары, балаңызга күндөлүк баарлашууда алардын аталыштарын колдонуу менен түстөрдү үйрөнүүгө жардам бериңиз (тамак жасоодо: "Азыр сары банандарды аарчыймын" же кийингенде: "Бүгүн кийгенге кочкул кызыл көйнөгүңдү табалы.")

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Түстөрдү билүү мектепке даярдыктын маанилүү бөлүгү. Буюмдар ар түрдүү болуп, бирок түстөрү ар башка  болушу мумкүн, окшош нерселер, мисалы шапка сыяктуу, түстөрү ар кандай болушу мүмкүн деген түшүнүккө ээ болуп, балаңыздын ой жүгүртүүсү өнүгүп жатат.